• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жапаров: Биздин климаттык ишибиздин кеңири контекстиндеги приоритет - "жашыл экономиканы" куруу

Президент 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан "Европа Биримдиги - Борбор Азия" биринчи экономикалык форумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында “жашыл экономиканы” куруунун негизги чараларын белгиледи.

"Биринчиден, биздин климаттык ишибиздин кеңири контекстиндеги приоритетибиз жашыл экономиканы куруу болуп саналат. Жакында 1-2-ноябрда Глазго шаарында БУУнун Климат конференциясынын алкагында өткөн Дүйнөлүк лидерлердин саммитинде мен Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44 пайызга кыскартууну максат кылып жатканын билдирдим.

Азыркы учурда биздин өлкөнүн дүйнөлүк эмиссиялардын түзүмүндөгү үлүшү анча деле чоң эмес, ал бир пайыздын үч жүздөн бир бөлүгүн гана түзөт (0,03%), ал эми эмиссияларыбыздын мүнөзү өнөр жайлык эмес жана калктын тикелей жашоосу менен байланышкан.

2050-жылга чейин Кыргызстан жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат. Энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика бул көмүртексиз саясаттын кыймылдаткыч күчү болот.

Биз өнөр жай секторун жана турак жай-коммуналдык чарба тармагын көмүртектүү энергия булактарынын ордуна, биринчи кезекте, көмүр менен мазуттун ордуна толугу менен электр энергиясына өткөрүү максатында чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлорун этап-этабы менен ишке ашырууну көздөп жатабыз.

Экинчиден, санариптештирүү маселесинде системалуу түрдө алдыга жылып жатабыз. Башка нерселер менен катар, COVID-19 пандемиясы биздин өлкөдө маалыматтык технологияларды киргизүүнү тездетти.

Башка нерселер менен катар, COVID-19 пандемиясы биздин өлкөдө маалыматтык технологияларды киргизүүнү тездетти. Бул өз кезегинде бардык деңгээлдеги коррупцияга каршы күрөшүү боюнча биз көргөн болуп көрбөгөндөй чараларды көрүүгө көмөктөшөт, бул экономикалык реформалар менен бирге Кыргызстанда дени сак бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Үчүнчүдөн, бизнес тармагы өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасынын локомотиви экени белгилүү. Кыргызстандын ИДПсында чакан жана орто бизнестин үлүшү 40 пайызга жакын, бирок ошол эле учурда бизде өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бар, анткени өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 50 пайыздан ашат", - деди мамлекет башчысы.

Анын айтымында, быйылкы жылы инвесторлордун ишенимин арттырууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүүгө, анын ичинде менчикти коргоого багытталган бир катар токтомдор чыгарылганын белгилеп кетким келет, алар менен катар экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу каралган.

"Мындай мамиле өлкөбүздүн либералдык мыйзамдары бар демократиялык мамлекет катары мындан ары да өнүгүп баратканын күбөлөндүрөт", - деп сөзүн жыйынтыктады президент.

Пикир

Оставить комментарий