• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту — фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов энергетика, айыл чарбасы жана башка тармактардагы инвестициялык долбоорлор боюнча презентация жасап, ошондой эле өлкөнүн Министрлер Кабинети тарабынан бизнес жүргүзүү жана жагымдуу инвестиция үчүн кандай шарттар түзүлүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө жана экономикалык реформаларга түрткү берүүчү натыйжалуу иш-аракеттерге токтолду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп жаткан бардык ишкерлерге ыраазычылыгын билдирип, алар улуттук экономиканын дээрлик 85 пайызын түзөрүн белгиледи.

Президент өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыз кылуу боюнча биринчи кезектеги милдеттерди тизмектеп, мамлекеттин экономикага кийлигишүүсү кыскартыларын, бизнес чөйрөсүнө жагымдуу жана адилеттүү шарттарды түзүү үчүн бардык күч-аракеттер көрүлөөрүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Башкы прокуратура бизнестин таламын талашып, укугун коргой турган милдеттерди алары, УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жоюу пландары тууралуу сөз кылды.

Андан ары ишкерлер менен жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, бизнес-коомчулуктун актуалдуу көйгөйлөрү менен демилгелери талкууланды.

Ишкерлер туризмге, фармацевтикага, энергетика секторуна, айыл чарбасына, региондорду колдоого жана башкаларга тиешелүү маселелерге кызыгышты.

Суроолорго президент Садыр Жапаров, тиешелүү мамлекеттик органдардын, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жооп беришти.

Иш-чарага ар кыл чөйрөдөгү компаниялар менен мекемелердин, ишканалардын өкүлдөрү, ошондой эле өлкө аймактарынан келген ишкерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий