• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров: Болот Темировго байланыштуу ишке толук көз салып турам

Президент 0

Бишкек, 23.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн Facebook`тагы расмий баракчасына Болот Темировдун кармалышына байланыштуу пост жазган.

"Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы, басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам.

Ошол эле убакта журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар.

Камчыбек Кыдыршаевич ушул маалымат жыйынында өзүнө карата каралоонун толук жалган экенин ийне-жибине чейин түшүндүрүп бериптир. Азыр мамлекеттик ар бир ишкана мурдагыдай жашыруун иштебейт. Баары ачык. “Керек болсо бир нече оппозициялык журналисттен турган комиссия түзүп, текшерип келгиле, биз шарт түзүп берели”, деп эң туура айткан.

Текшергенге толук мүмкүнчүлүгүңөр бар. Бизде баары ачык. Мындан ары журналистсиңби, чиновниксиңби же жөнөкөй жарансыңбы – баарыбызга мыйзам бирдей иштейт", - деп жазган өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий