• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.

Эки тараптуу кызматташтыкты жана аймактык өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы жакынкы коңшулар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен өз ара пайдалуу алакаларды тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки тараптуу мамилелерден тышкары, өлкөлөр ортосундагы региондун күн тартибинде турган аймактык өз ара аракеттенүүнү жандандыруу жана кеңейтүү жалпы чөлкөмдүн да, Борбор Азиянын ар бир мамлекетинин да өнүгүүсүнүн негизги фактору болуп саналат.

Региондук интеграция маселелерине токтолгон мамлекет башчысы кыргыз тарап өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, чет элдик түз инвестицияларды тартуу, атаандаштык эмес, кызматташуу, бири-бирин толуктоо маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады.

Президент мамлекеттердин улуттук экономикаларын өнүктүрүүгө багытталган соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка өз ара аракеттенүүсү бүткүл Борбор Азияда туруктуулукту, коопсуздукту, тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн бекем негиз болуп саналаарын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити биримдиктин жана өз ара түшүнүшүүнүн, ачык жана өз ара пайдалуу диалогго даярдыгынын далили.

Ал аймактык демилгелердин ийгилиги жана бүтүндөй Борбор Азия аймагынын позициясын аныктоо алардын ишинин сапатына, аракетине, тышкы иштер министрликтеринин деңгээлиндеги диалогуна жана өз ара түшүнүшүүсүнө түздөн-түз көз каранды экенине министрлердин көңүлүн бурду.

Президент Садыр Жапаров региондук диалог үчүн өлкөлөр тандап алган багыт аймактын гүлдөп-өнүгүшүнүн жана элдердин бакубаттуулугунун негизги фактору болуп кызмат кыла тургандыгына терең ишенимин билдирди.

Өз кезегинде тышкы иштер министрлери мамлекет башчысына Тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин бүгүнкү отурумунун жүрүшүндө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун мазмундук бөлүгүн даярдоо аяктай турганын билдиришти.

Учурдагы эл аралык кырдаалда Борбор Азия чөлкөмүндөгү интеграциялык процесстер суроо-талапка ээ жана актуалдуу экени белгиленди.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери 2022-жылдын 21-июлунда боло турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусуна документтердин жетиштүү чоң көлөмдө пакети даярдалганына басым жасашты.

Жолугушуунун катышуучулары эртеңки Ысык-Көлдө өтүүчү саммит Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берерине ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий