• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров Борбор Азия регионунун потенциалы жана өнүгүү келечегине токтолду

Президент 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. "Борбор Азиянын экономикасынын өсүү кыймылдаткычы катары регионалдык транзиттик, транспорттук, логистикалык потенциалды өнүктүрүү саналат", - деп президент Садыр Жапаров бүгүн Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия Мамлекет башчыларынын менен Европа Кеңешинин Президентинин Экинчи жолугушуусунда белгиледи.

Мамлекет башчысы жалпысынан Борбор Азия региону, анын чоң потенциалы жана өнүгүү келечеги тууралуу айтып жатып, төмөнкү жагдайларга көңүл бурду.

“Борбор Азия өлкөлөрү үчүн биздин аймакты экономикалык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн бардык формалары ийгиликтүү калыптанган бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик катары калыптандыруу чоң артыкчылык болот. Борбор Азиянын экономикасынын өсүү кыймылдаткычы катары регионалдык транзиттик, транспорттук, логистикалык потенциалды өнүктүрүү саналат. Бул дүйнөлүк экономикага интеграцияны стимулдайт жана биздин региондун ичиндеги байланышты камсыз кылат. Кыргызстандын жана региондун башка коңшу өлкөлөрү үчүн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоору өзгөчө мааниге ээ”, - деди Садыр Жапаров.

Президент бул мега-долбоорду ишке ашыруу регионду транспорттук туюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирет, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иранга, Перс булуңуна жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтет, деп баса белгиледи.

“Дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен биздин аймактын дүйнөлүк таасир этүүчү борборлордун өз ара жагымдуу аракеттенүүсүн жүзөгө ашырылуучу геосаясий ортомчуга айланышы маанилүү. Борбор Азия менен Европа бирлигинин кызматташтыгы тынчтык, туруктуулук, өнүгүп-өсүү боюнча жалпы максаттарыбызга жетүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Аймактар аралык көп кырдуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүүдө Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча Стратегиясы жана ЕБдин “Global Gateway” демилгеси негиз боло алат”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук коридорлор боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы жакын арада чыгаары күтүлүп жатканын, ал дагы жакынкы жылдарда тыгыз иштөөгө негиз боло тургандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий