• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаров Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрайымы менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга болгон иш сапарынын, Эл аралык Астана форумунун алкагында Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрайымы Желька Цвиянович менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги, бардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча чаралар жөнүндө баарлашты.

Мамлекет башчылары биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүн болоруна ишенимин билдиришти.

Эки өлкөдө тең саясий байланыштарды, экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана туризмди өнүктүрүү үчүн жетиштүү потенциал бар экени белгиленди.

Эки лидер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бири-бирин өз өлкөлөрүнө сапар менен барууга чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий