• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко келди

Президент 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (АКШ) келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий