• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров: Быйыл алты айда өлкөнүн ИДПсы 6,3 пайызга өстү

Президент 0

Бишкек, 14.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын алты айында өлкөнүн ИДПсы 6,3 пайызга өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

“Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты ай ичинде өлкөнүн ИДПсы 6,3 пайызга өсүп, номиналдык көлөмү 335,3 млрд сомду түздү. Бул пандемияга чейинки 2019-жылга караганда 89,7 млрд сомго көп. Пандемия, климаттык өзгөрүүнүн, чыгыштагы кырдаалдын кесепеттерине карабастан ушундай жетишкендиктерге жетип жатабыз”, - дейт ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эл аралык уюмдар 2022-жылы Кыргызстандын ИПДсы төмөндөй турганын божомолдогонун айтат.

“Дүйнөлүк банктын 2022-жылы Кыргызстандын ИДПсы 5 пайызга, Moody's эл аралык агенттиги 1 пайызга чейин кыскарат десе, Эл аралык валюта фонду 0,9 пайызга, Евразия өнүктүрүү банкы 1,1 пайызга араң өсөрүн билдирген. Бирок президент белгилегендей, алты айыда ИПД 6,3 пайызга өстү”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда президенттин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулууда.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий