• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров чек ара маселеси көз жаздымында калбай турганын билдирди

Президент 0

Бишкек, 19.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров чек ара маселеси чечилбей койбой турганын билдирди. Бул тууралуу президент өзүнүн телеграмдагы баракчасына жазды.

"Чек ара маселеси чечилбей, каралбай койбойт. Элдин негизги көйгөйлөрү да акырындап, кудай буюрса чечилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 18-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен эли менен жолугушууда 2021-жылы чек аранын 150 чакырымына зым тартуу пландалып жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий