• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулушу менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 01.03.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жалпы билим берүү жайы 220 окуучулук орунга ылайыкталган. Долбоорго ылайык, окуу жайдын окуучуларынын бир убакта билим алышы жана алардын ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Мектеп бардык заманбап стандарттарга жооп бермекчи, анда окуучулардын жана мугалимдердин туруктуу жашоосу үчүн уктоочу бөлмөлөр, ар кандай окуу секциялары үчүн залдар жана башкалар болот. Курулуш Сочи жана Санкт-Петербургдагы россиялык мектептерге окшош болот. Мектеп демөөрчүлүк каражаттарды тартуу аркылуу курулуп жатат.

Мамлекет башчысы билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына – сентябрь айына чейин даяр болуп, пайдаланууга берилиши керектигин эске салды. Бул жерге өлкөнүн бардык аймактарынан таланттуу балдар чогулуп, билим алып, талантын, жөндөмүн өркүндөтүшү керек.

Андан ары Президент Чолпон-Ата шаарындагы 2022-жылдын 1-июнунда реконструкциялангандан кийин ишин баштаган «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу реабилитациялык комплексин көрүп чыкты.

Директор Алымкадыр Бейшеналиев комплекстин ишмердүүлүгү жана муктаж болгондорго реабилитациялык жардам көрсөтүүдөгү учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле «Алтын балалыктын» ишин жакшыртуу боюнча пландар жана милдеттерге токтолду.

Мамлекет башчысы имаратты кыдырган маалда медиктер жана бейтаптар менен сүйлөшүп, Сириядан репатриация болгон, бул борбордо реабилитациядан өтүп жаткан аялдар менен сүйлөштү.

Президент Садыр Жапаров алардын абалын сурап, реабилитациянын шарттары менен кызыкты.

Пикир

Оставить комментарий