• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров cтатистика органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 24.04.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик статистиканын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын урматтуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!

Кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Соңку он жылда өлкөбүздө көптөгөн өзгөрүүлөр орун алды. Бирок коомубузду, мамлекетибизди жана эл аралык коомчулукту расмий статистикалык маалыматтар менен камсыз кылуу сыяктуу статистика кызматынын максаттары менен милдеттери эч өзгөрүүсүз калды.

Бүгүнкү күндө расмий статистика мамлекеттик башкаруунун маанилүү инструменти болуп саналат. Себеби дал ушул расмий статистиканын негизинде өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдору түзүлөт. Статистикалык маалыматтардын жардамы аркылуу ал болжолдордун жүзөгө ашырылышына баа берилет. Статистика болбогондо республиканын социалдык-экономикалык абалынын чыныгы көрсөткүчтөрү тууралуу билүүгө, мамлекеттин өнүгүү стратегиясын жана тактикасын аныктоого мүмкүн болбойт эле. Бекеринен бул кызматты бүтүндөй бир өлкөнүн сандык тарыхы деп атап келишпесе керек.

Азыркы тапта статистика органдарынын алдына жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарга жана эрежелерге ылайык, расмий статистика өндүрүшүнүн натыйжалуулугун арттырууга жана жайылтууга багытталган заманбап санариптик маалыматтык технологияларды киргизүү жолу менен статистикалык системаны модернизациялоо процессин тездетүү боюнча жаңы милдеттер коюлган.

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы өткөндүгү жалпы журтка маалым. Мен бул маанилүү мамлекеттик иш-чаранын бардык этаптарынын ийгиликтүү жыйынтыкталышына үмүт артам. Анткени учурда бул өнөктүктүн натыйжасында биз реалдуу маалыматтар менен камсыз болушубуз керек.

Урматтуу статистика органдарынын кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!
Сиздердин ишке болгон берилгендигиңиздер жана сапаттуу, так статистикалык маалыматтар Ата Мекенибиз менен эл-журтубуз үчүн дымактуу, зор максаттарды жүзөгө ашырууга өбөлгө болоруна бекем ишенем.

Ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун, өзүңүздөргө чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат турмуш каалайм».

Пикир

Оставить комментарий