• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров делегаттын парламенттик башкарууга өтүү керек деген пикирине жооп берди

Курултай 0

Бишкек, 26.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров делегат Жылдызкан Жолдошеванын парламенттик башкарууга өтүү керек деген пикирине жооп берди.

“Парламенттик жана президенттик-парламенттик дагы башкарууну көрдүк. Бирок жыргап кеткен жокпуз. Экөөнү тең көрүп, иштедим. Акыркы 10 жылда үч баштуу бийлик болду. Парламент өзүнчө “монстр” болуп алды, андан кийин өкмөт жана президент. Эч бир маселе чечпей бири-бирине шылтап, түртүп коюп эле отура беришти. Бир кагазды үч жылда дагы кабыл албаган учур бар экен. Эч ким жоопкерчиликти албайт. Азыр болсо президент менен министрлер кабинетинин аппараты биригип, бир сааттын ичинде айрым токтомдор кабыл алынат”, - деди ал.

Жапаров акыркы 30 жылда жоопкерчиликти бири-бирине илип койгондун айынан 35 премьер-министр алмашканын белгиледи.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий