• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров: ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар акыркы 7 жылдагы актуалдуу тема бойдон калууда

Президент 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. “Ички рыноктогу тоскоолдуктар акыркы 7 жылдагы жолугушууларыбыздын эң актуалдуу темаларынын бири бойдон калууда”, - деп белгиледи Кыргызстандын президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, ЖЕЭКтин видеоконференция форматындагы жыйынында.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу Жогорку кеңештин мүчөлөрү!

Урматтуу жолугушуунун катышуучулары,

Жакында эле ЖККУнун Москвадагы саммитинин алкагында (ушул жылдын 16-майында) биз көзмө-көз жолугушуу өткөрдүк, анда биз аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин жана бүтүндөй дүйнөдө пайда болуп жаткан кырдаалды талкууладык.

Бүгүн биздин интеграциялык бирикменин соода-экономикалык күн тартибин талкуулоо мүмкүнчүлүгү бар.

Урматтуу мамлекет башчылары, бүгүнкү жыйынга Биримдиктеги байкоочу мамлекет - Өзбекстан Республикасынын башчысы Шавкат Миромонович Мирзиёев да катышууда.

Саламатсызбы, урматтуу Шавкат Миромонович.

Куба Республикасынын Президенти Мигель Марио Диас-Канел Бермудез да видео кайрылуу жасайт.

Биринчи кезекте биздин жолугушуунун алдында Бишкекте өткөн биринчи Евразиялык экономикалык форумдун ийгиликтүү өткөнүн белгилегим келет. Ушуга байланыштуу Михаил Владимирович Мясниковичке, ошондой эле анын командасына бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Форумга активдүү катышкандыгы үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн делегацияларына өзүнчө ыраазычылык сөздөрүн айткым келет.

Ошондой эле баарыңарды, урматтуу мамлекет башчыларын, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы, урматтуу Михаил Владимирович Мясниковичти, ошондой эле ЕЭК кызматкерлерин маанилүү дата – Евразия экономикалык комиссиясынын 10 жылдыгы менен куттуктап, чоң ийгиликтерди, биздин өлкөлөрүбүз менен элдерибиздин кызыкчылыктарынын жана жыргалчылыгынын урматында мындан аркы жемиштүү кызматташтыкты каалайм.

Урматтуу мамлекет башчылары,

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча биздин Биримдиктин экономикалык өнүгүүсүнүн жалпысынан оң динамикасын белгилеп кетүү жагымдуу.

Ошентип, 2021-жылдын аягында Биримдиктин жалпы ИДПсы 4,6% өстү. 2021-жылга Евразия экономикалык биримдигинин товарлары менен Биримдикке кирбеген өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү 844,2 млрд АКШ долларын түздү. 2020-жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү 35,1%га өскөн. 2019-жылга чейинки тышкы соода жүгүртүү 14,7%га же 108,4 млрд АКШ долларынан ашты.

Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү болжолдонгон көрсөткүчтөн ашып, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 2020-жылга салыштырмалуу 3,6% өстү. Тышкы соода операцияларынын көлөмү да 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40,1%га өстү.

2022-жылдын 4 айынын көрсөткүчтөрү экономиканын мындан аркы өнүгүүсүнө оптимизмди жаратат, анын натыйжасында ИДПнын өсүшү 5,4%ды түздү, 2022-жылдын биринчи кварталында ЕАЭБ өлкөлөрү менен экспорттук операциялар 23%га, импорттук операциялар 2021-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 20,7%га өстү.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара соодада болуп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөр, экономикалык жигердүүлүктүн жаңыдан жанданышы жана ички дүң продукциянын өсүшү - мунун баары пандемия учурунда биз көргөн чаралардын натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

Бул товарлардын эркин кыймылын жана өз ара колдоону камсыз кылууга, бул чаралар менен биздин интеграциянын экономикасына пандемиянын терс таасиринин кесепеттерин жоюуга жетишүүгө тиешелүү. Биримдик өзүнүн туруктуулугун жана дүйнөлүк кризистерди жеңүүгө жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнүн канааттануу менен айтууга болот.

Урматтуу кесиптештер,

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө биздин Биримдиктин алдында жаңы милдеттер турат. Биз өзүбүзгө жана бүткүл дүйнөгө биздин интеграция жасалма тоскоолдуктарга карабастан, анын туруктуу прогрессивдүү өнүгүүсүн уланта аларын жана улантууга тийиш экендигин далилдешибиз керек.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары Биримдиктин ичиндеги мамилелер, бүткүл интеграциялык бирикменин да, анын айрым мүчөлөрүнүн да өнүгүүсү бири-бирин толуктап турганын түшүнөт.

Өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн терс кесепеттерге алып келген учурдагы глобалдык жана аймактык чакырыктардын шартында биздин бардык аракеттерибиз ушундай кырдаалдарда бири-бирибизди колдоого жана жардам берүүгө багытталышы керек.

Биздин өнүгүүбүз геосаясий жана геоэкономикалык парадигма өзгөргөн доордо жүрүп жатат. Дүйнөлүк экономикалык трансформациянын жана тышкы терс факторлордун таасиринин күчөшүнүн шартында биз Биримдиктин экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди бириктиришибиз керек.

Туруктуу өсүш үчүн ички резервдерди табышыбыз керек.

Бул менимче ачык-айкын. Бизге зарыл нерселер:

биринчиден, ички рыноктун тоскоолдуксуз иштешин камсыз кылуу,

экинчиден, кызмат көрсөтүү рыногун либералдаштыруу боюнча ишти күчөтүү;

үчүнчүдөн, жалпы каржы рыногун калыптандырууну аяктоо боюнча иштерди тездетүү;

төртүнчүдөн, экономиканын бардык тармактарында импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтуу үчүн биздин аймактарда кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу менен өндүрүштү локалдаштырууну тезирээк баштоо керек;

Бешинчиден, транспорттук-логистикалык инфраструктурабызды биргелешип өнүктүрүү керек.

Биз Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарында айтылган корутундуларды жана сунуштарды толугу менен колдойбуз.

Бул сунуштар экономиканын реалдуу секторуна инвестицияларды көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту жана тышкы чакырыктарга жана тобокелдиктерге каршы турууга, илимий-техникалык жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүүгө, ошондой эле товарларды жылдырууга багытталганын белгилегим келет. Үчүнчү өлкөлөргө экспорт Учурдагы татаал тышкы шарттарда бир гана ченемдик укуктук жөнгө салуу жана фискалдык колдоо жана дем берүү инструменттерин гана колдонуу менен жетишүү мүмкүн эмес.

Бул үчүн Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын 6- жана 7-бөлүмдөрүн ишке ашырууга көңүл буруу маанилүү.

2025-жылга карата кызматташтыкты реалдуу өнүктүрүү үчүн аны финансылык жактан стимулдаштыруу, иштеп жаткан финансы институттарынын иштөө принциптерин өзгөртүү, аларга өнүктүрүү институттарынын элементтерин киргизүү, өнүктүрүүнү долбоорлоо жана экономикаларды колдоо структураларын ишке киргизүү.

Мындай мамиле биз кабыл алган чечимдерди иш жүзүнө эффективдүү ашырууга жол ачат деп ишенебиз.

Урматтуу мамлекет башчылары, бүгүн биз 2025-жылга чейинки Интеграцияны өнүктүрүү стратегиябыздын жүрүшүн талкуулайбыз. Жалпысынан алганда мүчө-мамлекеттер да, Комиссия да белгилүү бир багыттар боюнча кыйла интенсивдүү жана ийгиликтүү иштерди жүргүзүп жаткандыгы айдан ачык.

Ошол эле учурда статистиканы эле эмес, интеграцияны өнүктүрүүнү ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү да көрүү, келечектеги интеграцияда баарыбыз биргелешип койгон максаттарга жетүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сезүү маанилүү.

Ишке ашыруунун көйгөйлүү маселелери жана бир кыйла тезирээк чечүүнү талап кылган Стратегиялык багыттар сунушталган маанилүү документте өзүнчө блокто чагылдырылышын сунуш кылгым келет.

Мындан тышкары, биринчи кезекте дүйнөлүк экономиканын абалынын жаңы реалдуулуктарына, санкциялык согуштардын курчушуна жана эл аралык транспорттук-логистикалык системадагы мыйзам бузууларга негизделген Стратегиябызды жаңылоо жөнүндө ойлонушубуз керек.

Урматтуу Жогорку кеңештин мүчөлөрү!

Евразиялык интеграцияны өнүктүрүү Биримдиктин товарларын, жабдууларын жана технологияларын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого жана жаңы соода өнөктөштөр менен мамилелерди түзүүгө түздөн-түз байланыштуу.

Дүйнөлүк экономиканын көп полярдуулугунун тенденциясын, экономикалык активдүүлүк борборлорунун Азия чөлкөмүнө жылышын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуусуна байланыштуу кайрылуумда белгиленгендей, Түштүк-Чыгыш Азиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Индо-Тынч океандын, Тундук Африканын, Латин Америкасынын елкелеру менен эл аралык соода-экономикалык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүү.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы эл аралык сооданын жаңы архитектурасын, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында курууну толук колдойт.

Биз Индонезия Республикасы менен эркин соода аймагын түзүү жана Иран Ислам Республикасы менен эркин соода зонасынын иштөө мөөнөтүн узартууну, эл аралык кызматташтыктын Негизги багыттарында аныкталган башка мамлекеттер менен кызматташууну кеңейтүүнү жактайбыз.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин финансылык туруктуулугунун өтө маанилүү аспектиси болуп улуттук валюталардагы төлөмдөрдүн алда канча алдын ала жана туруктуу алгоритмдерине жана формаларына өтүү саналат. Бул геосаясий кырдаал курчуп бараткан азыркы реалдуулукта өзгөчө маанилүү.

Улуттук экономикага импорттук инфляциянын басымын азайтуунун, чет өлкө валюталарынын курсунун өзгөрмөлүүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди тегиздөөнүн факторлорунун бири катары товарлар үчүн өз ара төлөмдөрдө улуттук валюталарды пайдалануу Кыргыз Республикасы тарабынан толук колдоого алынууда.

Урматтуу мамлекет башчылары,

Бүгүн биз 2021-жылы Биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюунун жыйынтыгы боюнча тармактын министрдин маалыматын угабыз.

Ички рыноктогу тоскоолдуктар акыркы 7 жылдагы жолугушууларыбыздын эң актуалдуу темаларынын бири бойдон калууда. Көп учурда тоскоолдуктар биздин мамилебизди бузуп, Биримдиктин терс имиджин жаратат. Мен мындайга жол берүүгө болбойт деп эсептейм.

Түшүнүктүү болуш үчүн, урматтуу кесиптештер, мен бир эле мисал менен бөлүшкүм келет: 2021-жылы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Россия Федерациясына айыл чарба продукциясын жеткирүүнүн ылдамдыгы боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы.

Бул изилдөө көрсөткөндөй, үчүнчү өлкөлөрдөн Россия Федерациясына бир нече бажы постторунан өткөн товарларды жеткирүү ылдамдыгы Кыргызстандан келген товарларга караганда кыйла тез жана арзаныраак.

Ошол эле учурда, белгилүү болгондой, ЕАЭБдин ички чек араларында бажы көзөмөлү алынып салынган.

Бул жерде бизде экономикабызды өнүктүрүүнүн эбегейсиз зор жашыруун ресурстары жана резервдери бар, мен жогоруда белгилегендей, биз аларды өз өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ишке ашырууга тийишпиз.

Урматтуу кесиптештер,

Мен Евразиячылык идеяларын жайылтуу маселелерине көңүл бургум келет. Кечээ биздин Бишкектеги форумда бул маселе талкууланды. Идеялар биринчи кезекте өсүп келе жаткан муунга сиңип, аларды мындан ары да жайылта турганы жашыруун эмес. Тилекке каршы, жаштар биздин элдерге мүнөздүү болбогон башка баалуулуктарды көп кабыл алышат.

Биз өсүп келе жаткан муунга евразиячылык идеяларын жана биздин интеграциянын натыйжалуулугун талкуулоо жана жайылтуу үчүн аянтча менен камсыз кылышыбыз керек.

Белгилүү болгондой, азыр Комиссия Евразиялык жаштар форумун өткөрүү маселесин талкуулап жатат, ал евразиячылык идеяларды жана биздин интеграциянын эффективдүүлүгүн талкуулоо жана жайылтуу үчүн жаш экономисттер, бизнесмендер, илимпоздор, финансисттер, юристтер жана башка тармактардагы адистердин өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп калат. Жакынкы аралыкта ушундай чечим кабыл алынат деп ишенем.

Урматтуу достор!

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардыгыңыздарды Евразиялык экономикалык комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн он жылдыгы жана 29-май, 2014-жылы ЕАЭБ жөнүндө Келишимге кол коюлган датага арнап биз бүгүн түзүүнү пландаштырып жаткан ЕАЭБ күнү менен дагы бир жолу куттуктап коюуга уруксат этиңиздер.

Өлкөлөрүбүздүн туруктуулугун сактоо жана экономикасын чыңдоо үчүн бардыгына жемиштүү жана үзүрлүү иштерди каалайм!

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!”

Пикир

Оставить комментарий