• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров ЕАЭБдин негизги милдеттерин белгилеп өттү

Президент 0

Бишкек, 26.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 26-майда президент Садыр Жапаров Бишкектеги Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышып жатат.

Жапаров белгилегендей, ЕАЭБдин негизги милдеттери катары төмөнкүлөр кала берет:

Биринчиси, “төрт эркиндикти” камсыз кылуу. Бул товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндиги.

Экинчиси — 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын өз убагында ишке ашыруу.

Үчүнчүсү — агроөнөр жай жана өнөр жай тармактарында биргелешип иш жүргүзүүү. Бул — импортту алмаштыруу максатында конкреттүү кооперация долбоорлорун ишке ашыруу жана Биримдиктин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

Төртүнчүсү — туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында биздин интеграцияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алгоритмдерин жана механизмдерин аныктоо.

Бешинчиси — Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттары боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү.

“Бул милдеттер азыр дүйнөлүк саясатта олку-солкулук күч алып, биримдиктеги өнөктөштөрүбүзгө каршы тандалма санкциялар күчөп жаткан шартта өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Мындай кырдаалда тышкы жагымсыз факторлорго каршы бардыгыбыз тең мурдагыдан да ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруубуз зарыл болуп турат”, — деп айтуу менен Садыр Жапаров биримдикке кирген өлкөлөрдө пандемия маалындагы, өзгөчө анын күчөп турган мезгилиндеги, кыйынчылыктарга каршылык көрсөтүү боюнча жакшы тажрыйба бар экенин эске салды.

Пикир

Оставить комментарий