• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров: ЖК Конституциянын жаңы долбоорун колдоп берсе, анда референдум 11-апрелде өтөт

Президент 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Эгерде Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун колдоп берсе, анда референдумду жергиликтүү кеңешти шайлоо менен бирге 11-апрелде өткөрүүгө болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коомдук телерадиоберүү корпорациясына берген маегинде билдирди.

Ошондой эле президент бир суткада эки мэрдин милдетин аткаруучу алмашкан Бишкек мэриясындагы кадрдык өзгөрүүлөргө өзүнүн пикирин билдирди.

Атап айтканда, ал реформа жүргүзүү учурунда эгер “туура эмес келип калса” кадрлар күн сайын эмес, саат сайын алмашып турарын кошумчалады.

“Мисалы, Грузияда реформа жүрүп жаткан учурда кадрлар жума сайын алмашып турган. Керек болсо Саакашвилинин (Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили – ред.:) чогуу революция жасап, кийин министрлик кызматтарга отурган жакын достору кармалышкан. Ондогон кадрларды камап, түрмөгө отургузуп анан реформа жасаган. Мамлекетте реформа жасайм десең ошентип жасалыш керек. Азыр биз жаңы жаш кадрларды өстүрүп, аларды министрлик кызматтарга даярдашыбыз керек. Буга 5-10 жыл убакыт керек. Ага чейин биз жөн эле күтүп отура бербей, колубуздагы бар кадрларды коюп, аларды иштетишибиз керек. Мен азыр мага тиешелүү тармактарды өзүмдүн буйругум менен жумушка коюп жатам, ал эми премьер-министр өзүнө тиешелүү тармактарды өзү даярдап атат”, - деди президент.

Садыр Жапаров Кыргызстан азыр эски конституция менен жашап жатканын, жаңы конституцияга дагы 2-3 ай убакыт бар экенин кошумчалады.

Ал 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тууралуу жарлыкка кол койгонун белгиледи. Эгер Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп, рефедендумга алып чыкса, 11-апрелде жаңы конституциянын долбоору кабыл алынат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын президенти бардык министрлерди кабыл алып сүйлөшкөнүн, эгер коррупцияга аралашып, уурулукка барышса, анда жарым жыл, бир жылдан кийин түрмөгө кетерин, эч кимге аёо болбой турганын айтканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий