• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаров эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 29.11.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда, өлкөдөгү парламенттик шайлоолорду өткөрүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Мамлекет башчысы КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА, Түрк мамлекеттери уюму, Ислам Кызматташтык Уюму, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунан, ошондой эле Өзбекстандын жана Грузиянын борбордук шайлоо комиссияларынын жетекчилерине парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышкандыгы үчүн чоң ыраазчылык билдирди. Ал шайлоолорго 700дөн ашуун эл аралык байкоочулар күбө болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров бул шайлоолор 2020-жылдын октябрында өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоого чечкиндүү чыгып жана Кыргызстанды өнүгүүнүн дмократиялык жолуна кайтарууну талап кылган коомчулук жана өлкөнүн келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Ал коомчулуктун кыжырдануусун жана нааразылык маанайын дал парламенттик шайлоонун натыйжалары шарттаганын, бул шайлоо күнүнө чейин жана шайлоо күнү мыйзамдардын бузулушунан улам жарандардын эркин билдирүүсүнө туура келбегендигин эске салды.

«Бул шайлоолор эң атаандаштыктагы жана катышуу шарттары боюнча бардыгына тең шайлоолордун бири болуп калды. Парламенттин жаңы чакырылышы жаңы пропорционалдык-мажоритардык система боюнча шайланды. Шайлоо жарышына жыйырма бир саясий партия жана бир мандаттуу округдар боюнча дээрлик үч жүз талапкер катышты.

Парламентте коомдун бардык катмарларынын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу үчүн мыйзамдарда аялдар, этникалык азчылыктар, жаштар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн квота киргизилген», - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы коомчулуктун талаптарынын бири шайлоолорду ачык, таза жана атаандаштыкта өткөрүү, алардын жыйынтыгы биринчи кезекте жарандар жана саясий күчтөр тарабынан мыйзамдуу деп таанылышы болуп саналарына өзгөчө көңүл бурду. Быйыл Президенттик жана жергиликтүү бийликтин органдарына шайлоолор, конституциялык референдум дал ушундай жагдайда өткөн.

«Өткөн жылда биз акылман элибиздин алдындагы милдеттенмелерибизди толук аткарууга аракет кылдык. Бардык саясий процесстерди конституциялык-укуктук талаага кайтарууга, социалдык-экономикалык ырааттуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүүгө, элдин биримдигин жана жаңы бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган коомдук-социалдык маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарга ылайык, анын ичинде ЕККУга мүчө мамлекеттердин Копенгагендик милдеттенмелерин эске алуу менен өттү. Биздин жарандар жана дүйнөлүк коомчулук шайлоонун жыйынтыгынын мыйзамдуулугунан күмөн санабашы үчүн биз бардыгын жасайбыз. Бийлик биздин шайлоочулар тарабынан колдоого алынган Жогорку Кеңештеги бардык саясий партиялар менен иштешүүгө даяр», - деп кошумчалады Президент.

Эл аралык байкоочулар Мамлекет башчысын жана өлкө элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты. Алар шайлоону өткөрүү, шайлоо процессинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу боюнча жогорку уюштуруучулук иштерди белгилешти.

КМШ миссиясынын башчысы, Россия Федерациясынын Эркин шайлоо фондунун кеңешинин төрагасы Василий Волков Президент Садыр Жапаровду жана жалпы кыргызстандыктарды өлкөдөгү жогорку бийликти түзүү процессинин ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Ал үстүбүздөгү жылдын январында өткөн президенттик шайлоого КМШдан келген байкоочулар миссиясын жетектеп келгенин эске салып, андан бери Кыргызстанда бардык тармактарда эбегейсиз зор иштер жасалгандыгы тууралуу тыянагы менен бөлүштү. Биринчи кезекте кыска мөөнөттө жаңы укуктук реформа жүргүзүлүп, анын алкагында бардык деңгээлдеги шайлоо мыйзамдары жарыяланып, кабыл алынды. Бардык өзгөрүүлөрдүн максаты – шайлоолорго жана бийликтин легитимдүүлүгүнө ишенимди жогорулатуу. Парламентке шайлоо өнөктүгү Конституция жана мыйзамдарга ылайык өттү жана аларды легетимсиз деп таанууга эч кандай негиз жок.

Василий Волков Садыр Жапаров өзүнүн командасы жана кайдыгер эмес жарандар менен биргеликте Кыргызстандын алдында турган бардык маселелерди чечерине ишенимин билдирди.

Өзбекстандын БШК төрагасы Зайниддин Низамходжаев шайлоо мыйзамдык базадан баштап, жер-жерлерде байкоо жүргүзүү шарттарына чейин мыйзамдуу жана жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи. Байкоочулар шайлоо тилкелеринде өлкө жарандарынын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүнө ынанышты.

Ал келип түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп берип, жарандар үчүн түзүлгөн колл-борборго көңүл бурду. Мындан тышкары, ал көптөгөн мамлекеттер кыялданган жогорку IT технологияларды колдонуу менен шайлоочулардын өздүгүн аныктоо системасын белгиледи.

Армения Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Регионалдык жана Евразиялык интеграция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын делегациясынын башчысы Алексей Сандыков бүткүл дүйнө экинчи жылдан бери күрөшүп жаткан пандемиянын шартында шайлоону мынчалык жогорку деңгээлде өткөрүү оңой эмес экенин баса белгиледи.

Шайлоолордо таза атаандаштык болуп жана кыргыз эли өзүнүн аң-сезимдүү тандоосун жасады. Алексей Сандыков шайлоо мыйзамдарында карама-каршы жыныстагы жана улуттук азчылыктар үчүн квоталарды, шайлоону уюштуруунун жогорку техникалык деңгээлин канааттануу менен баса белгиледи.

Грузиянын БШК төрагасы Георгий Каландаришвили кошумчалагандай, Кыргызстан шайлоодо автоматтык эсептөөчү системасы (АЭС) сыяктуу технологияларды колдонуу, ошондой эле шайлоочулардын өздүгүн аныктоо боюнча Грузиядан кыйла алдыда. «Бул Грузиянын БШКсы үчүн мындайды көрүү жана сиздин өлкөнүн тажрыйбасын үйрөнүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк, анткени биз мындай нерселерди жаңыдан сынай баштадык. Сиздердин тажрыйба биз баштап жаткан иште чоң салым кошот», - деди ал.

ШКУнун байкоочулар миссиясынын башчысы, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Ерик Ашимов «бир тууган кыргыз элин турмуштагы чоң жетишкендик, тагыраак айтканда, Жогорку Кеңешке шайлоонун өтүшү менен» чын жүрөктөн куттуктады.

Анын айтымында, карапайым жарандар өздөрүн шайлоо тилкелеринде өгөйлөнбөй, ыйгарым укуктары бар экенин сезиши үчүн шарттар түзүлдү. Ал белгилегендей, өлкө жетекчилигинин жана БШКнын Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери Кыргызстанда жарандардын өз эркин билдирүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн айгинелейт.

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) тобунун жетекчиси, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын комитетинин төрагасы Кутбидин Бурханов шайлоону өткөрүүнүн жогорку деңгээлин жана шайлоо мыйзамдарынын эл аралык стандарттарга шайкештигин белгиледи.

Анын айтымында, шайлоо күнү КМШ ПАА байкоочулары эч кандай мыйзам бузууларды аныкташкан жок жана шайлоо тилкелериндеги жабдык боюнча майда көйгөйлөр тез арада жоюлду. Кутбидин Бурханов бир тууган Кыргызстан элине гүлдөп өнүгүү каалады.

Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (Түрк ПА) миссиясынын башчысы Режеп Шекер президент Режеп Тайып Эрдогандын Садыр Жапаровго жылуу саламын жеткирип, парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

Делегациянын башчысы, Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмунун Башкы катчысынын орун басары Гизмат Гозалов Кыргызстанда шайлоо өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгиледи. Байкоочулар миссиясы өткөн шайлоолор өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө таасирин тийгизерине өзгөчө көңүл бурушту.

Элчи, Ислам кызматташтык уюму миссиясынын башчысы Адамо Баубакар шайлоодо колдонулган жогорку технологияларды абдан канааттануу менен белгиледи. Айрым техникалык мүчүлүштүктөр болгонун, бирок ал көйгөйлөр өз убагында чечилгенин кошумчалады. Бул шайлоолор ачык-айкын, тынч, таза жана жакшы уюшкандыкта өттү.

Мамлекет башчысы, башка бардык өлкөлөрдө болгондой эле, бул шайлоодо да айрым кемчиликтер болгондугун, бирок алар ыкчам жоюлганын баса белгиледи.

«Биз өлкөбүздө коопсуздукту, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин, экономикалык өнүгүүнү жана социалдык бакубаттуулукту камсыз кылуу үчүн жаратман эмгекке багыт алганбыз. Биз бул багыттар боюнча эл аралык кызматташууга да ачыкпыз», - деди ал.

Президент Садыр Жапаров эл аралык байкоочу миссияларынын жетекчилерине Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүдөгү ишмердүүлүктөрү үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, алардын ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий