• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралини кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 21.12.21./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Түрк элдеринин маданияты менен салттарын сактоо жана бекемдөө боюнча пикир алмашууда, бул багытта тыгыз өз ара тыгыз кызматташуу маанилүү экени белгиленди.

Мамлекет башчысы мейманды жылуу тосуп алып, эки өлкөнүн, Кыргызстан менен Казакстандын элинин кылымдардан бери келе жаткан биримдигин жана достугун белгиледи.

Садыр Жапаров ата-бабалардын салтын улантуу менен кыргыз тарап кыргыз-казак эки тараптуу мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө ар дайым даяр экенин баса белгиледи.

Президент Дархан Кыдыралини эки элдин достугун чыңдоо максатындагы Кыргызстанга болгон сапарын канааттануу менен баалады.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы Дархан Кыдырали Эл аралык түрк академиясынын биринчи президенти катары түрк тилдүү элдердин илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, ошондой эле түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлеринин демилгелерин колдоого чоң салым кошуп келе жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Дархан Кыдырали мамлекет башчысына жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Эл аралык Түрк академиясынын ишмердүүлүгү жана анын артыкчылыктуу милдеттери менен пландары тууралуу айтып берди.

Ал кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата Эл аралык Түрк академиясы тарабынан үстүбүздөгү жыл - Жусуп Абдрахмановдун жылы деп жарыяланганын маалымдады.

Дархан Кыдырали Академия келерки 2022-жылды кыргыз окумуштуу-агартуучусу Ишеналы Арабаевдин урматына жарыялоону пландап жатканын белгиледи.

Эл аралык Түрк академиясынын ишмердиги тууралуу айтып берип, китептердин көпчүлүгү кыргыз тилинде анын ичинде энциклопедиялар жана «Манас» эпосу жарык көргөнүн маалымдады.

Дархан Кыдыралы Академия тарабынан уюштурулган иш-чаралар тууралуу айтып берди. Алар Жусуп Абдрахмановдун жылына арналган көргөзмөнүн уюштурулушу, Касым Тыныстановдун 1925-жылдагы китебинин кайра басып чыгарылышы, эки өлкөнүн Мамлекеттик катчыларынын катышуусунда Алмата шаарында конференциянын ийгиликтүү өтүүсү. Мындан тышкары, Муктар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовдун достугуна арналган конференцияны өткөрүү пландалууда.

Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали президент Садыр Жапаровго жалпы тили, тарыхы жана маданияты бириктирген орток түрк элдеринин боордоштугун чыңдоого көңүл буруп, көрсөткөн колдоосу үчүн чын дилден ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий