• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров: Элдин энчисине айланган кен байлыктарды башкаруу катуу көзөмөлдө болот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. "Мындан ары элдин энчисине айланган, мамлекеттин менчиги болгон кен байлыктарды башкаруу толугу менен катуу көзөмөлдө болот", - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров биринчи Элдик курултайда сүйлөп жатып.

Президент ар бир кыргыз жараны Кыргызстандын ажайып жаратылышы менен сыймыктанып, кен байлыктары менен мактанып келерин эске салды. "Ошол эле маалда: “мактанган кен байлыктарыбызды канткен күндө өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштетебиз” деген суроо ар бирибиздин оюбузда турат", - деди ал.

Жапаров коррупциянын айынан башка өлкөнүн экономикасын байытууга кызмат кылып келген “Кумтөр” сыяктуу алтын кенибизди өзүбүзгө кайтарып алууга канчалаган эр-азаматтар башын сайып, татаал тагдырларга кайыл болуп, өмүрлөрүн арнашкан.

"Кудайга шүгүр дейли, кеч болсо да Ата Журтубуздун билими терең, ак-караны ажырата билген, дили таза, бир нече тилде эркин сүйлөгөн уул-кыздарынан топтолгон команданын талыкпаган эмгегинин аркасында, элибиздин ири кен байлыгын Кыргызстандын өз ээлигине кайтарып алдык.

Мындан ары эң маанилүү болгон кен-байлыктарыбыз Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн, мамлекет үчүн иштейт. Ачыла элек, иштетиле элек кен-байлыктарыбызды, буюрса, мамлекет өзү иштетет. Албетте, алардан түшкөн кирешелер элдин кызыкчылыгына, мамлекеттин экономикасынын көтөрүлүшүнө, стратегиялык багыттарга жумшалат. Кен байлыктарыбызды иштетүүдө, сөзсүз түрдө мамлекеттин үлүшү болушун шарттаган, ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. Мындан ары элдин энчисине айланган, мамлекеттин менчиги болгон кен байлыктарды башкаруу толугу менен катуу көзөмөлдө болот.

Ошол эле учурда, өлкө экономикасын алга жылдырууга өбөлгө боло турган кен байлыктарды иштетүүдө инвесторлорго шарт түзүү, инвестиция тартуу маселелерине олуттуу көңүл бурулууда. Биз келечекте күчтүү, өнүккөн мамлекет болобуз десек, өлкөдөгү бардык ири кен байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгына иштетип, ошону менен бирге эле жергиликтүү элдин суроо-талаптарын да орундатуубуз зарыл. Ошондо элибиздин талабын орундаткан болобуз, ошондо нааразычылыктар жаралбайт, жаркын келечекке үмүт, ишеним пайда болот!", - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий