• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаров энергетика министрине күз-кыш мезгилине даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, министрлер кабинетинин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаевге күз-кыш мезгилине даярдыктарды күчөтүүнү тапшырды.

«Азыр жайдын ортосуна келдик, көмүрлөрдү эртерээк даярдаңыз, графиктерди дагы бир жолу өзүңүз карап чыгыңыз. Биз сиздер үчүн бардык шарттарды түзүп бергенбиз, андыктан көмүргө байланыштуу эч кандай маселе жаралбашы керек», — деди президент.

Министрдин энергетика тармагындагы иштер, атап айтканда, ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана алардын создуктурулуп жатышынын себептери тууралуу маалыматын угуп, мамлекет башчысы «Бала-Саруу», «Токтогул» ГЭСинин 4-гидроагрегаты ж. б. иштер боюнча берилген тапшырмаларды катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Мамлекет башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСине да токтолуп, ал биздин урпактарга кала турган кылымдын имараты болорун белгиледи.

Мындан улам президент Садыр Жапаров ГЭСте аткарылган иштер боюнча ай сайын өзүнө жана өлкө элине отчет берип турууну тапшырып, андагы кырдаалдан калк кабардар болуп турушу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий