• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров Түркия президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасына катышты

Саясат 0

Бишкек, 04.06.23./Кабар. Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясына карата расмий кабыл алуу иш-чарасында болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Садыр Жапаровдун жанында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венесуэла президенти Николас Мадуро жубайы менен, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен, Азербайжан президенти Ильхам Алиев жубайы менен, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян", – деди Султанбаев.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен түрк лидеринин кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземине ардактуу конок катары катышты.

Пикир

Оставить комментарий