• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаров эртең Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барат

Президент 0

Бишкнек, 27.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барып, анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) катышуучу-ммалекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган иш-чарага Белорусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий