• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров Еврокомиссиянын вице-президенти Валдис Домбровскисти кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда, “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” биринчи эл аралык экономикалык форумуна (“БА-ЕБ”) катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскисти кабыл алды. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Президент “БА-ЕБ” форумун өткөрүү маселесиндеги колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул форум Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Стратегиясынын иш жүзүсүнө ашуусу болуп жана Евро биримдик менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкка дем бермекчи.

Мамлекет башчысы ошондой эле, Европа Биримдиги Кыргызстан үчүн маанилүү тышкы саясий өнөктөш экенин белгиледи. Эгемендүүлүк алгандан тартып ЕБ өлкөнү демократиялык жана рыноктук реформаларда ырааттуу колдоп келет. Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстан Европа Биримдиги менен эки тарапка кызыкчылык туудурган мындан аркы бардык багыттар боюнча көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ачык жана даяр экенине ишендирди.

Өз кезегинде Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда соода, инвестиция, жашыл экономика, санариптештирүү чөйрөлөрүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жогорку мумкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий