• 88.71
  • 93.31
  • 0.92

Садыр Жапаров: Европа Бирлиги Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү

Президент 0


Бишкек, 03.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Чолпон-Ата шаарында Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кеңейтилген форматтагы жолугушуу болуп өттү.

Кеңейтилген форматтагы жолугушууда сөз сүйлөгөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Шарль Мишель баштаган европалык делегация менен жылуу учурашып, Европа бирлиги Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи.

“Европа Кеңешинин президентинин биздин өлкөгө сапары жана бүгүнкү жолугушууларыбыз Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы мамилелерди чыңдоодогу маанилүү этап болуп саналат. Биринчиден, мен Европа Бирлигине өлкөбүздүн туруктуулукка, өнүгүүгө жана демократияга карай жолунда баа жеткис колдоосу жана жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан тартып өнүгүү жана жаңыртуу жолунда маанилүү роль ойногон Европа Бирлиги менен түзүлгөн кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жогору баалайт. Кыргыз Республикасы – коому динамикалуу өнүгүп жаткан жаш өлкө. Демократиянын, саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын жолун тандап алган өлкө. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү жана адам укуктарын коргоо жаатында олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Бирок, биз жеңе турган кыйынчылыктар бар экенин түшүнөбүз жана эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен аларды жеңүүгө чечкиндүүбүз. Биздин кызматташтыгыбыздын негизги багыттарынын бири болуп экономиканы өнүктүрүү саналат. Кыргыз Республикасы табигый ресурстарга жана жаш, таланттуу жумушчу күчкө ээ. Биз бул ресурстарды пайдаланууга жана өлкөбүздүн потенциалын ачууга умтулабыз, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Европа бирлигинин тажрыйбасы, инвестициялары жана техникалык жардамы экономикабызды диверсификациялоо, жеке секторду өнүктүрүү жана туруктуу жумуш орундарын түзүү боюнча аракеттеринин колдоосу маанилүү роль ойногонун баса белгиледи. Мындан тышкары, кыргыз тарап Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча стратегиясында белгиленген аймактык интеграцияга жана өз ара байланышка умтулуусун жогору баалайт. Кыргыз Республикасы стратегиялык жактан Европа менен Азиянын кесилишинде жайгашкан жана туруктуулукту, гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн аймактык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө терең ишенет.

“Биз сооданы, инвестицияны жана адамдар ортосундагы алмашууну кеңейтүүгө умтулабыз, бул биздин элдерге гана пайда алып келбестен, ошондой эле биздин аймактын туруктуулугуна жана өнүгүшүнө салым кошот. Кыргыз Республикасы жалпы маселелерди чечүү, диалогду илгерилетүү жана туруктуу чечимдерди издөөдө Европа Бирлиги менен биргеликте иштөөгө даяр. Быйыл Европа Бирлиги менен кызматташтык жана өнөктөштүк түзүлгөнүнө 31 жыл жана Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун түзүлгөнүнө 28 жыл болду”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал ушул макулдашуу аркасында өз ара кызыгууну жараткан дээрлик бардык тармактарда кызматташуу бекемделе алгандыгын айтты.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Европарламент менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн белгилеп өттү. Кыргыз тарап Европа Бирлиги менен кызматташуунун дагы тереңдешин күтүүдө, мында кол коюлушу күтүлүп жаткан Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуу башкы ролду ойношу керек.

“Бул Макулдашуунун түзүлүшү эки тарап үчүн чоң мааниге ээ болот деп эсептейм. Ал өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү тармактарда кызматташтыкты арттырууга жол ачып, калыптанып калган мамилелерди чыңдоого жана тереңдетүүгө тийиш. Макулдашуу биринчи кезекте жаңы форматта кызматташууга бекем укуктук негиз түзмөк”, - деген Президент, бул Макулдашууну түзүү менен кыргыз тарап Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун кеңейүүсүн күтөрүн белгиледи.

Садыр Жапаров өз сөзүндө климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде миң жылдык мөңгүлөргө ээ болгон Кыргызстанга да таасир эткенине басым жасады. Ошондуктан экология жана жашыл экономика маселелери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Кыргыз тараптын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды Тоону туруктуу өнүктүрүүнун Эл аралык жылы деп жарыялаган.

“2021-жылдын ноябрында Глазго шаарында Климаттын өзгөрүшү боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинин ачылышындагы кайрылуумда мен Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44 пайызга кыскартууну жана 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү көздөп жатканын билдирген элем. Бул биринчи кезекте кайра жаралуучу энергия булактарынын аркасынан болот. Кыргыз Республикасы Борбордук Азия чөлкөмүнүн дарыяларынын булагында жайгашкан жана суу-энергетикалык ресурстардын генератору болуп саналат. Кыргыз Республикасынын жалпы гидроэнергетикалык дарамети 142,5 млрд кВт/саатты, күн энергиясы – 490 млн кВт/саатты жана шамал энергиясы – 44 млн кВт/саатты түзөт. Өлкөбүз Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде Россия менен Тажикстандан кийинки үчүнчү орунду ээлейт. Учурда жалпы потенциалдын өздөштүрүүсү 13 %ды гана түзөт. Кыргызстан Европа Бирлигинин “Global Gateway” жаңы стратегиясынын алкагында кызматташууга кызыкдар жана инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы ири ГЭСтер жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын башка чөйрөлөрү боюнча кароого сунуштоого даяр. Өлкө үчүн эң маанилүү энергетикалык долбоорлордун бири болуп Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу саналат. Долбоор Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, Борбордук Азия аймагы үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Бул энергетикалык коопсуздукту чыңдоого, электр энергиясы жана кубаттуулуктарды сатуу рыногун өнүктүрүүгө, энергетика жана суу ресурстарын башкаруу маселелерин интеграциялоо аркылуу кызматташтыкты чыңдоого, Борбордук Азиянын энергетикалык тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдаланууга жагымдуу таасирин тийгизет”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашкан Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо жана башка долбоорлорду ишке ашыруу өсүп келе жаткан суроо-талапты, жана ошондой эле КАСА-1000 (CASA-1000) аймактык долбоорунун алкагында электр энергияны эске алуу менен калктын электр энергиясына болгон керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.

“Биздин өлкө жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу багыт алды. 2018-жылы өлкөдө «Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү» концепциясы жана 2040-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынган. Стратегияда инновациялык жана экологиялык жактан коопсуз технологияларды колдонууга басым жасоо менен атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы өнүктүрүү чаралары каралган. Алардын ичинен "жашыл" өнүгүүгө прогрессивдүү өтүүнү камсыз кылуусу болжолдонгон 7 приоритеттүү сектор аныкталган. Алар: жашыл энергетика, жашыл айыл чарба, жашыл өнөр жай, туруктуу туризм; аз эмиссия транспорту, таштандыларды башкаруу жана жашыл шаарлар. «Жашыл финансы корпорациясы» формасында жашыл долбоорлорду каржылоонун улуттук механизмин түзүү боюнча жигердүү иш жүргүзүлүүдө. Бул боюнча «Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика» программасынын алкагында Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосунда жакында түзүлгөн өнөктөштүктү кубаттайбыз. 2023-жылдын башында мен Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызын «жашыл экономика» чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмашуу механизмин колдонуу менен реструктуризациялоо демилгесин көтөргөм”, - деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге, Мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гуттеришдин 2030-жылга чейин Аддис-Абеба күн тартибин стимулдоо боюнча акыркы демилгесин канааттануу менен белгиледи, ал туруктуу өнүгүүнү каржылоону жылына 500 миллиард долларга кем эмес олуттуу көбөйтүүнү талап кылат. Бул демилге өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыз жүгүн жеңилдетүүнү, анын ичинде карызды «жашыл» долбоорлорго конверсиялоо жолу менен өнүккөн өлкөлөр жана дүйнөлүк каржы институттары тарабынан жардам көрсөтүүнү камтыйт.

Президент Садыр Жапаров Европа Бирлиги Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири катары өлкөнүн демилгесин колдооруна ишенимин билдирди жана бул контекстте Европа тарабынын кандай гана сунушу болбосун, талкуулоого даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий