• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров Германия жетекчилигине суу каптоодо каза болгондорго байланыштуу көӊʏл айтты

Президент 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Германия Федеративдʏʏ Республикасынын Федералдык Канцлери Ангела Меркелге жана өлкө Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көӊʏл айтты.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын кесепеттеринен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊʏл айтам. Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий