• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров Грециянын президентине поезд кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Греция Республикасынын президенти Катерина Сакелларопулуга темир жол кырсыгынан улам көп сандаган адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“2023-жылдын 1-мартында Грецияда болгон поезддердин кагылышуусунун кесепетинен адамдар каза болду жана көптөгөн зыян келтирилди, деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми жабыр тарткандардын эртерээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, 1-мартта Грецияда жогорку ылдамдыкта бараткан жүргүнчү ташыган поезд менен жүк поезди бетме-бет сүзүшкөн. Кырсык Лариса шаарына жакын жерде жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 12ге жакын болгон. 350 жүргүнчүсү менен Афинадан Салоники шаарына бараткан поезд бет маңдай келаткан жүк поезди менен кагылышкан.

Пикир

Оставить комментарий