• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров: Үй-жайсыз калуу алдында турган 10 миңдеген жарандарыбыздын маселеси чечилүүдө

Президент 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. «Саясий эрк көрсөтүлүп, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, үй-жайсыз калуу алдында турган 10 миңдеген жарандарыбыздын маселеси чечилүүдө», — деди бүгүн, 25-декабрда, министрлер кабинетинин жыйналышында президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы белгилегендей, көп жылдардан бери документтештирүү маселеси чечилбей келген элдин көйгөйлөрү — турак жайларды мыйзамдаштыруу, жерлерди трансформациялоо маселеси чечилүүдө. Чүй жана Ош облустарындагы айыл чарба багытындагы жерлерге 10 миңден ашык үй курулуп, жерлерди трансформациялоо маселеси көп жылдардан бери чечилбей келет.

«Бишкек шаарынын ТЭЦ-2 аймагына өзүм бардым. Бир эмес ишти контролго алуу үчүн эки жолу бардым. Ошол аймакта жашагандардын үй документтерин чечүү үчүн 47,7 га жер тилкесин трансформациялап бердик. Жарандар кызыл китептерин, үйлөрүнүн техникалык китепчелерин алып жатышат. Азыр 798 үйдүн 119у даяр болду, 69у документтерин колуна алды, 500-550 участокто изилдөө иштери жүрдү, 5 мобилдүү топ иштеп жатат. Буюрса, 1-апрелге чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жердин трансформациялоо иштери аягына чыгарылат. Элдин баары жашап жаткан үйлөрүнө мыйзамдуу ээ болушат» — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Аны менен бирге президент жерди басып алганды ушуну менен токтотуу зарыл экенин өзгөчө белгиледи. Айдоо жерлерди айдоо аянты боюнча сактап калуу маанилүү. Буга байланыштуу Садыр Жапаров айдоо аянттарын сактоого чакырды.

«Эскертерим: жыл сайын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо дүйнөдө тартыштыкты жаратууда. Бул максатта мындан ары айдоо жерлери өз багытында гана пайдаланылат. Ким басып алып, мыйзамсыз үйлөрдү салса, катуу жоопкерчиликке тартыларын эскертем. Жогорудагы жардамдардын баары кимге берилди — албетте, карапайым калкка берилди. Менин тилегим — Кыргызстандыктар өз жеринде кор болбой, жакшы жашаса дейм», — деп жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий