• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен кызматташтыкты талкуулады

Президент 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда, Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Фумио Кисиданы Япониянын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктап, жолугушканына жана жеке таанышканына кубанычта экенин белгиледи. Маектешүү жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-япон мамилелеринин абалын талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (Jica) ишмердүүлүгүн жогору баалап жана Япониянын өкмөтүнө Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Япониянын жогорку окуу жайларында окуудан өтүп жаткан JDS долбоорунун алкагындагы кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. Муну менен, бул кызматташтык эки өлкө ортосундагы достуктун көпүрөсү кызматын аркалоодо.

Фумио Кисида Кыргызстанга 2015-жылы келген учуру тууралуу айтып берип, ар кыл долбоорлор, негизинен жашыл экономика боюнча эки тараптуу кызматташтыкты улантууга даярдыгын билдирди.

Жолугушуу жыйынтыгында тараптар саясий диалогду жогорку деңгээлде колдоону макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий