• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-августта, 2020-жыл үчүн илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышты.

Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктар жана 2020 -жылга «Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» наамы медицина тармагындагы эки эмгек үчүн ыйгарылды.

«Хирургиялык эндокринология көйгөйлөрү» илимий эмгеги үчүн төмөнкү окумуштуулардын тобу сыйланды:

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Шамил Чынгышпаев;

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Нелли Ахунбаева;

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Хаки Бебезов;

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, медицина илимдеринин кандидаты Сталбек Ахунбаев;

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин Академиялык борборунун директору, медицина илимдеринин доктору Алмаз Шаназаров;

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси, медицина илимдеринин доктору Арсен Айдаралиев;

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты Айтбай Казакбаев;

— Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору Орозали Кочоров.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, профессор Исабек Ашимов «Заманбап илимий дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы» эмгеги үчүн сыйланды.

Мамлекет башчысы окумуштууларга «Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» төш белгилерин жана ар бир эмгекке 250 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.

Президент илимпоздорду алган наамдары менен куттуктап, илимдеги ийгиликтер көптөгөн маңдай тердин жана тынымсыз изденүүнүн натыйжасында гана келерин баса белгиледи.

Анын айтымында, илимий ачылыштар өндүрүшкө киргизилип, коомчулукка пайда алып келиши керек, ал эми илимий-техникалык өнүгүүлөр токтолбой өнүгүп турушу зарыл.

Садыр Жапаров «Хирургиялык эндокринологиянын проблемалары» жана «Заманбап илимий дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы» темасындагы илимий иштер медициналык жана гуманитардык илимдердин өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкондугун баса белгилеп, бул изилдөөлөр илимий тармакта көйгөйлүү маселелерди чечүү менен бирге коомубузга керектүү жардамын тийгизет деген ишеничте экенин билдирди.

Ал мындан ары мамлекет илимди, илимий-чыгармачылыкты өнүктүрүүнү толугу менен колдоого аларын, айрыкча, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл азыркы учурда медицина тармагындагы илимий кызматкерлердин жана адистердин жардамына муктаж болуп турганын белгиледи.

«Өнүккөн мамлекеттер сыяктуу биздин республикабыздын эң башкы ресурсу — илимдүү жана эмгекчил адамдар. Азыркы учурда өлкөнүн келечегин аныктай турган маанилүү өзгөрүүлөр болуп турган кезде, Кыргызстандын өнүгүүсүнө ар бириңиздер болгон күч-аракетиңиздерди жумшайсыздар деген ойдомун», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров лауреаттарга Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жасаган алгылыктуу иштери үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен мындан аркы илимий иштерине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде профессор Шамил Чынгышпаев алардын эмгектерине берилген жогорку баа үчүн ыраазычылыгын билдирип, алар кыргыз медицинасынын негиздөөчүсү Иса Ахунбаевдин изилдөөлөрүн улантып, эндокриндик хирургия чөйрөсүндөгү, атап айтканда, богок жана кант диабети сыяктуу ооруларды иликтөөдө бир катар факторлорду ачышканын маалымдады.

Профессор Исабек Ашимов өнүккөн өлкөлөрдө же өнүккөн өлкө болууга умтулган өлкөлөрдө илимди чыңдоо жана колдоо үчүн чоң күч-аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Ал Мамлекет башчысынын былтыр айткан «Улуттук илимдер академиясы музей болбошу керек» деген сөздөрүн эске салды. Профессор белгилегендей, Садыр Жапаров баргандан кийин Улуттук илимдер академиясында өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну арттыруу боюнча иштер күчөтүлдү. Ошондой эле Исабек Ашимов мамлекеттик сыйлыктар илимпоздордун мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн жакшы мотивация болорун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктары гуманитардык, табигый жана техникалык илимдердин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон Кыргыз Республикасынын жарандарынын илимий изилдөөлөрү — Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн олуттуу тездетүүгө алып келген илимий -техникалык иштери үчүн, атап айтканда, экономиканын өнүгүү темпи менен эффективдүүлүгүнүн жогорулашын камсыз кылуучу дүйнөлүк аналогдордун деңгээлинде же андан жогору болгон техниканын, материалдар менен технологиялардын жаңы түрлөрүн иштеп чыгуусу жана ишке киргизүүсү үчүн берилет.

Пикир

Оставить комментарий