• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Садыр Жапаров инаугурация күнү жолду жабууга жана көп чыгым жумшоого каршы

Президент 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров 28-январда өтчү инаугурация аземине кетчү чыгымдарды азайтууну тапшырды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жапаровдун жакындары билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ журналисттерге президенттин аппарат жетекчиси, президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов инаугурацияга 10 млн сом сарптала тургандыгын билдирген.

Өз кезегинде Садыр Жапаров көп чыгымга каршы экендигин билдирген. "Кабарга" анын жакындары билдиришкендей, жаңы шайланган президент инаугурация күнү "Ала-Арча" резиденциясынан баштап, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды.

Ошондой эле редакцияга кошумчалашкандай, Садыр Жапаров президент болгондон кийин да МАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот.

Пикир

Оставить комментарий