• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаров “Индия - Борбор Азия” саммитине катышат

Президент 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров эртең, 27-январда, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен жогорку деңгээлдеги “Индия - Борбор Азия” диалогунун алкагында уюштурулган видеоконференция форматындагы биринчи саммитке катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Саммиттин жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүүнүн жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин, ошондой эле Борбордук Азия менен Индиянын мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоо пландалууда. Анын жыйынтыгы боюнча Дели декларациясы кабыл алынат.

Саммитке ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да катышат.

2022-жылы Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толору белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий