• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Индиянын президенти Рам Натх Ковиндди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 15.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Индия Республикасынын президенти Рам Натх Ковиндди Кыргызстандын элинин жана өзүнүн атынан Индия Республикасынын улуттук майрамы - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

“Биз мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн стратегиялык мамилелерди абдан жогору баалайбыз. Кыргыз-Индия өнөктөштүк байланыштар эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Рам Натх Ковиндге чың ден соолук жана ийгилик, ал эми Индия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий