• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Садыр Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына келди

Президент 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Арменияга иш сапары менен келди.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Пикир

Оставить комментарий