• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Президент 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти, - деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

- Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова;

- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.

Пикир

Оставить комментарий