• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына келди

Президент 0


Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Өзбекстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна ШКУ Саммитине катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Пикир

Оставить комментарий