• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров ишкерлерди колдоо боюнча маморгандарга тапшырмаларды берди. Тизме

Өкмөт 0

Бишкек, 23.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өкмөткө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ишкерлерди колдоо жана коргоо боюнча мамлекеттик органдардын жетекчиликтерине тапшырмаларды берди.

Анын айтымында, экономикада инвестициянын ролу өзгөчө мааниге ээ.

"Инвестициялар аймактын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Өлкөнүн экспорттук кубаттуулугун жогорулатат. Учурда мамлекетибиз масштабдуу өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Ошондуктан инвестор, ишкер, айрыкча чакан жана орто бизнести колдоо, алардын мыйзамдуу укуктарын жана мүлкүн коргоо максатында аткарыла турган иштерге токтолсом. Биринчиден бул аптада экономикалык мунапыс жарыяладым. Андагы убадалар аткарылат. Экинчиден ишкерлерге карата мыйзамсыз аракеттер токтотулат. Үчүнчүдөн, бюджеттин тартыштыгы 28 млрд сом менен кабыл алынган. Бирок мага түшкөн маалыматтар боюнча реалдуу баа андан да көп экендигин көрсөттү. Жакынкы арада бюджет боюнча туура жана реалдуу маалыматтарды ачыкка чыгарабыз", - деди премьер-министр.

Жапаров бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди:

  • Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан түзүлгөн ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктар кескин азайтылсын, атайылап жасалган создуктуруулар кыскартылсын.
  • Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бизнес үчүн оптималдаштырылсын. Ал үчүн Салык кодексине өзгөртүүлөр жана башка укуктук-ченемдик актылар боюнча документтердин пакети даярдалсын, керекпи–жаңы редакциялар дагы жазылсын.
  • Салык жаатында зарыл болгон бардык реформалар толук ишке ашырылсын.
  • Бизнести жүргүзүү боюнча эрежелерди жөнөкөйлөштүргүлө.
  • Экспортёрлорду колдоо боюнча конкреттүү механизмдерди киргизгиле (Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгүдөй).
  • Жылдын аягына чейин орто жана чакан ишканаларга жеңилдетилген түрдө насыялоону кайра жандандыргыла. Мында бир дагы коррупциялык схемага жол берилбесин.
  • Бажы жана фискалдык органдардын ишиндеги ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу бизнеске өз убагында жана токтоосуз маалыматтарды берип тургула.
  • Бажы тармагындагы коррупциялык схемалардын баарын ачыкка чыгаргыла, бюджеттин кирешесин көбөйткүлө.
  • Бажы системасына тез аранын ичинде автоматташтырылган программалык системаны ишке киргизгиле.
  • Тең атаандаштыкты жок кылган контрабандалык товарлар чек араларда катуу көзөмөлгө алынсын.
  • Банктык жана салыктык сырлардын, персоналдык маалыматтардын сырдуулугу катуу камсыз болсун.
  • Өлкөдө дестабилизация жана өзгөчө кырдаал режими учурунда жабыр тарткан ишкерлер менен инвесторлорго зыяндын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди берүү механизмдери каралсын.
  • Менчикти коргоо жана менчик ээлеринин укуктарынын кол тийбестиги боюнча мыйзамдык ченемдер күчөтүлсүн.
  • Тышкы иштер жаатында: Кыргыз Республикасына укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлдеги ишенимди калыбына келтирүү максатында ырааттуу саясат жүргүзүлсүн.
  • Өкмөт башчы укук коргоо органдарына, анын ичинен башкы прокуратурага берген тапшырмасы:
  • Биринчиден – ишкерлерге, инвесторлорго жана туристтерге эч кандай тоскооолдуктар болбосун.
  • Жетекчилик кызматтарга өз алдынча мыйзамсыз дайындоолорго, рейдерлик тартып алууга, жерлерди басып алууга, өндүрүш объектилерине санкциясы жок кирүүгө, менчиктин формасына карабастан мекемелерге, уюмдарга карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерди жасоого жол берилбесин.
  • Экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу боюнча милдеттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү карап чыккыла.
  • Бизнестин ишине укук коргоо органдарынын негизсиз кийлигишүүсү жокко чыгарылсын. Башкысы – ишкерлер, инвесторлор корголсун.

Пикир

Оставить комментарий