• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун регионалдык өкүлү Криста Пиккатты кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 20.09.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча кеңсесинин (ЮНЕСКО) Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы өкүлү Криста Пиккатты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Кыргызстан менен ЮНЕСКО ортосундагы билим берүү, илим, ошондой эле маданий мурас жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы маданий мурастарды эл аралык деңгээлде сактоо жаатында активдүү кызматташуусу жана колдоосу үчүн Криста Пиккатка ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, Кыргызстан материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенцияны кабыл алып, аны дүйнөлүк коомчулукта сактоо жана өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшап жатат.

Кыргыз Республикасында өлкөнүн улуттук тарыхы үчүн өзгөчө мааниге ээ эки миңдей кыймылсыз эстеликтер бар. Бүгүнкү күндө алардын төртөө ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Президент ошондой эле кыргыздын салттуу "Көк бөрү" оюнун, “Тогуз Коргоол” же Тогуз Кумалак” жана “Мангала” интеллектуалдык-стратегиялык оюндарын ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине киргизүүдө Криста Пиккаттын кошкон маанилүү ролун баса белгиледи.

"Тарыхый-маданий мурас болгон объектилерди сактоо - бул мыйзамдардын жыйынын аткаруу гана эмес, тарыхтын жана маданияттын уникалдуу эстеликтерин жараткан улуу ата-бабаларыбызга таазим кылуу болуп саналат", - деп айтты Садыр Жапаров.

Анын айтымында, учурда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине жана ЮНЕСКОнун адамзатынын материалдык эмес мурастары тизмесине Кыргызстандын бир элементи – Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплекси болгон «Жибек жолу»: Фергана-Сырдарыя коридору» объектиси, трансулуттук номинацияда, ошондой эле «Саймалуу-Таш» аскадагы сүрөттөрүн» улуттук номинацияда киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Кыргызстан үчүн бул иш-чаралар өтө маанилүү жана алар ЮНЕСКОнун колдоосуна, анын ичинде усулдук жана гранттык жардамга муктаж.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы учурда «Ысык-Көлдүн түштүк жээги» номинациясын ЮНЕСКОнун Геопарктар глобалдык түйүнүнө киргизүү үчүн даярдык көрүп жатканына көңүл бурду. Аталган аймак эл аралык маанидеги геологиялык мураска ээ. Ал бул геопарк ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы эле эмес, Борбордук Азиядагы биринчи геопаркы болоруна үмүт артты.

Өз кезегинде, Криста Пиккат Ош облусунун Өзгөн шаарында өткөн «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалына өзүнүн катышуусун канааттануу менен белгиледи.

ЮНЕСКОнун өкүлү Президент Садыр Жапаровдун мурастарга Кыргызстандын маданий өзгөчөлүгүнүн бир бөлүгү катары чоң маани берип, баалагандыгын кубануу менен белгиледи.

Мындан сырткары, ал Кыргызстан демилгелеген “Кыргыз жараны” программасын колдоого уюм кызыкдар экенин кошумчалады.

«Бизде ата-бабалардын сиздерге өткөрүп берген маданиятты кийинки муунга жеткирүү үчүн, жаштар арасында бул боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында даярдап жаткан долбоордук сунушубуз бар. Ошону менен бирге Кыргызстандын ЮНЕСКОнун тизмесине жаңы объектилерди кошуу ниети ЮНЕСКОну кубандырат», - деп кошумчалады ал.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар глобалдык климаттын өзгөрүшү менен мөңгүлөрдүн ээрип жатканына байланыштуу мөңгүлөрдү сактоо зарылдыгы тууралуу маселелерге токтолушту.

Бул жаатта катастрофалык кесепеттерди болтурбоо үчүн зарыл чараларды көрүү керектиги боюнча бир пикирге келишти.

Пикир

Оставить комментарий