• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты

Президент 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Изника шаарындагы (Түркия Республикасы) «Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» стадионунда өткөн Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ачылыш аземи башталардын алдында мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган учурашып, андан соң эки өлкөнүн президенти, ошондой эле башка делегация башчылары Оюндардын ачылыш аземи өтүп жаткан стадионго өтүштү.

Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятына арналган театралдаштырылган шоунун коштоосунда болду. Аземдин алкагында түрк дүйнөсүнүн чыгармачыл жана бий топтору чыгышты, анын ичинде Кыргызстандан да 30га жакын маданият ишмерлери, анын ичинде «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, солисттер жана режиссердук топ өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары, ачылыш аземинин алкагында оюндарга катышуучу өлкөлөрдүн парады да өттү.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураандын алдында өтөт.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат.

Пикир

Оставить комментарий