• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров көзүнө операция жасатканы үчүн көз айнек кийип жүрөт — басма сөз кызматы

Президент 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы Садыр Жапаровдун жабык бөлмө ичинде дагы күндөн коргоочу көз айнек кийип жүргөндүгү боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, Жапаров жакында эле көзүнө операция жасаткандыгына байланыштуу күндөн коргоочу көз айнек тийүүгө аргасыз болгон. "Өлкө башчысына көздүн алдында энтропия диагнозу коюлуп, операция жасатууга туура келген”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров акыркы күндөрү көз айнекчен коомчулукка чыккандыгына байланыштуу соцтармакта бул боюнча кызуу талкуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий