• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров: “Камбарата-1” ГЭСинин экономикалык көрсөткүчтөрү республикалык масштабга ээ

Президент 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. “Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы “Камбарата-1” ГЭСинин экономикалык көрсөткүчтөрү республикалык масштабга ээ”,- деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоо боюнча салтанаттуу аземде.

Мамлекет башчысы “Камбар-Ата-2” ГЭСин кошпогондо Кыргызстандагы энергетика булактарынын баары өткөн кылымдын 60-70 жылдары курулганын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө биз жалгыз эле Токтогул суу сактагычын карап отурабыз. Акыркы он жылдан бери, өзгөчө кыш мезгилинде электр кубаты көп колдонулган учурда “Токтогул суу сактагычынында мынча көлөмдө суу колдонулду, мынчасы калды” деп санааркап отуруп кыштан чыгып келебиз. Буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин ишке киргизип алсак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөбүз. Андагы экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жалпы кубаттуулугу артат. Жыйынтыгында бул эки маанилүү ГЭСибизди толук иштетип, кубаттуулугу 1000 мегаватт өндүрүүгө жетишебиз. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот”,- деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент “Камбар-Ата-1” иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болоруна көңүл бурду. “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот.

Ошондой эле, дээрлик жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны “CASA-1000” долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө да импорттоого шарт түзөт. “Камбар-Ата-1” ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз.

Президент Садыр Жапаров бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келерин жана өлкөбүзгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 млн. АКШ долларын түзө турганын белгиледи.

Ошентип, биз үчүн финансылык пайда болсо, экологиянын зыянга учурабагандыгын эске алганда “Камбарата-1” ГЭСи биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор экени анык.

Пикир

Оставить комментарий