• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Садыр Жапаров «Каракол» аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды

Президент 0

Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. «Кыргызстанда 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында, аэропорттордун инфраструктурасы жакшыртылат», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салууда.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчы күн сайын Кыргызстандын кооздугу жөнүндө алыстан уккан туристтер өлкөгө келүүнү каалашарын айтты.

«Өлкөбүздө туристтер көрө турган табигый кооз жерлерибиз көп эле. Ошентсе да 7 дубандын ичинде жайы-кышы дебей туристтер үзүлбөгөн керемет көл кылаасы экендиги талашсыз. Мына ошол өлкөбүздөн бермети болгон Ысык-Көлгө туристтерди аба мейкиндигинен кыргыздын меймандостугу менен тосуп алуучу жай — облустагы эл аралык статусу бар аэропортторубуз болуп саналат. Ошондуктан эл аралык аэропорттор өлкөнүн негизги аба дарбазасы деп бекеринен аталбаса керек.

Мына ушул себептен улам, эл аралык аэропортторду ар тараптан өнүктүрүп, колдоп туруу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында, аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу чечимин кабыл алган элем. Ага „Ысык-Көл“, „Каракол“, „Нарын“, „Ош“, „Жалал-Абад“ жана „Баткен“ аэропорттору киргизилген. Буюрса, республикадагы ички каттамдар калыбына келтирилип, бардык аэропорттор: Казарман, Талас ж. б. аэропорттор ишке киргизилет. Бул чыгашалар „Манас“ аэропортунун таза кирешесинин эсебинен жабылат. Былтыр ал жакта коррупцияны жоюп, быйыл таза кирешеси 4 миллиард сомду түздү. Буга чейин таза кирешеси 2 миллиард сомдун тегерегинде болчу.

Элибиз үчүн бир облустан экинчи облуска тез жана ыңгайлуу каттоосуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Үйүнө конок келсе, кут келди деп, ар дайым жылуу маанайда тосуп алган ата-бабаларыбыздын салтын сактап, биз баарыбыз жапа тырмак киришип, биргелешип аракет менен туризм тармагын жолго коюшубуз зарыл. Бул тармакты эл аралык стандарттарга жеткирип, өзүбүздүн меймандостук салтыбыз менен жуурулуштуруп алсак, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошоруна мен бекем ишенем», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мурда «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту буга чейин жай мезгилинде гана иштеп келген болсо, бүгүнкү күндө жыл бою иштеп жатат. Ошондуктан, аэропорттогу каттамдардын жана жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүп, аларга ыңгайлуу, жагымдуу шарттарды түзүү максатында бүгүн жаңы аэробекет куруу, аэродром элементтерин реконструкциялоо иштери башталууда.

Садыр Жапаров «Каракол» аэропорту бул шаар илгери Пржевальск шаары болуп турган убакта эле, тагыраак айтканда, 1971-жылдын 1-январында негизделгендигин эске салды. Аэропорттун асфальт төшөлгөн учуу-конуу тилкеси 1978-жылы пайдаланууга берилиптир. Ошондон бери бул жерге капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргөн эмес.

«Ошентип, бул иш биздин шыбагабызга тийип олтурат. „Каракол“ аэропортунун жаңы аэробекет комплексин куруп, аэродром элементтерин реконструкциялап алсак, жайында эле эмес, кышында дагы туристтердин агымы бир топко көбөйөт.

Аэропорттогу курулуш иштери аяктагандан кийин, биз саатына 250 жүргүнчү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар жаңы перрон, ошондой эле, „Embraer 190“ үлгүсүндөгү жана ушуга окшош учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар 2400 метр узундуктагы учуу-конуу тилкесине ээ болобуз.

„Каракол“ эл аралык аэропортун жаңылоо долбоорун жүзөгө ашыруу жана анын ишмердүүлүгүн жандандыруу — бул облуста да, жалпы республикада да туризм тармагын өнүктүрүүгө түрткү берет», — деди президент.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы «Каракол» аэропортунун ишин кайра жандандыруу мультипликативдик эффектти берерин, тактап айтканда, кошумча жумуш орундары жаралып, аймакта көрсөтүлүүчү башка кызматтар да, маселен, мейманканалар, таксилер, гиддер, коомдук тамактануу пункттары жана башкалар алдыга жылып, өнүгүүгө шарттар түзүлөрун белгиледи

Садыр Жапаров келечекте аэропорт республиканын калкынын жана чет элдик туристтердин аба транспортуна болгон керектөөлөрүн толук канааттандырууга жетишерине үмүт артты.

Туроператорлор Каракол шаарында жыл бою эс алуу үчүн бардык шарттарды түзүп, облустун экономикасынын өнүгүшү менен бирге Кыргызстандын туризм тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошот.

Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров бул жалпы мамлекеттик иш-чаралардын бири гана экенин, мамлекет өлкөнү түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн бардык күчүн жумшаарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий