• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаров “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасына старт берди

Президент 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Каракол – КМШнын маданий борбору” эл аралык программасын баштап, иш-чаранын расмий ачылышында сөз сүйлөдү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысынын сөзүндө мындай деп айтылат:

“Урматтуу Каракол шаарынын тургундары!

Шаарыбыздын кымбаттуу меймандары!

Ысык-Көл – кыргыз бермети! Дүйнөдөгү 25 ири көлдүн катарында жана эң терең көлдөрдүн тизмесинде 7-орунда, тунуктугу боюнча дүйнөдө Байкалдан кийинки экинчи орунда турган керемет көл!

Мен дал ушундай мөлтүр кашка суусу, дарылык касиети, салкын абасы менен дүйнөгө таанымал Ысык-Көлгө кандай гана меймандар келбесин, “кош келиңиздер” деп айтуудан ыракат алам, эч тажабайм. Ушундай жерди мекендеп, бизге мурастаган ата-бабаларыбызга таазим кылам.

Мына ошол суктанарлык көлүбүздүн төрүндөгү, жалпы облустун борбору, тарыхый окуялары, маданияты менен өзгөчөлөнгөн Каракол шаарына арналган “Каракол шаары - Шериктештиктин маданий борбору-2022” иш-чарасына келген меймандарга “кош келиңиздер!” деп кубануу менен сөзүмдү баштайын.

Арыбаңыздар, урматтуу шаар меймандары, арыбаңыздар иш-чаранын жалпы катышуучулары!

2020-жылдын 18-декабрында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңеши “Шериктештиктин маданий борборлору” мамлекеттер аралык программасын 2022-жылы Кыргыз Республикасында ишке ашыруу боюнча чечим кабыл алган.

Чечимге ылайык, Каракол шаары 2022-жылы Шериктештиктин маданий борбору болуп жарыяланган. Уюмубуздун мындай чечиминин негизги максаты маданий карым-катнаштарды чыңдоо, өнөктөштүккө жана колдоого негизделген КМШга мүчө-мамлекеттердин тарыхый жактан калыптанган байланыштарын сактоо жана аны андан ары өркүндөтүү болуп саналат.

Мындан улам Шериктештикке кирген мамлекеттердин чыгармачылык ресурстарын Каракол шаарында топтоо, анын негизинде бир нече маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүү мерчемделген.

“Каракол шаары - Шериктештиктин маданий борбору-2022” иш-чарасын өткөрүү жөн жерден эле кабыл алынып калган жок. Мунун негиздүү себептери бар.

Өзүңүздөргө маалым болгондой, Каракол – абдан кооз аймакта жайгашкан уникалдуу шаар. Облус борборуна келген меймандарды, эс алуучуларды көл кылаасынын ажайып жаратылышы менен керемет жээктери эле эмес, шаардын өзгөчө бай тарыхы өзүнө тартып турат.

1869-жылы орус аскер ишмери, окумуштуу-географ, барон Александр Каульбарс тарабынан Чүй өрөөнүнөн Кулжага карай кеткен кербен жолунда жайгашкан Каракол уезди аскердик-административдик борбор катары негизделген.

Ага чейин жергиликтүү калк байырлаган калктуу конуш болгон.

Каракол - Кыргызстандын эң кооз шаарларынын бири экени талашсыз. Мекендештерибиз үчүн эле эмес, дүйнөнүн чар тарабынан келген чет элдиктер үчүн дагы туристтик мыкты шаар.

Буга жыл өткөн сайын шаарыбызга агылган туристтердин көбөйүшү жана алардын интернет желесине жарыялаган пикирлери менен жергебиз тууралуу фотоотчеттор, мыкты эс алуу аймактары боюнча жарыяланган рейтингдердин жыйынтыктары айдан ачык далил.

Борбордук Тянь-Шанды бойлогон көптөгөн тоо кыркалары Каракол шаары жайгашкан аймактан башталат. Тескей Ала-Тоо кыркасынын түндүк капталындагы Алтын-Арашан, Кереге-Таш, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Чоң-Кызыл-Суу, Жыргалаң жана башка көптөгөн кооз капчыгайлар, атагы алыска кеткен мөңгү баскан Ала-Көл, көл кылаасынын дээрлик бардык жериндеги ден соолукка пайдалуу жылуу минералдык суулар чет элдик туристтердин ырааттуу каттам жолуна айланды.

Каракол капчыгай-каньону, Арашан өрөөнүндөгү Кашка-Суу мөңгүлүү көлү, Ак-Суу муз дубалы, Ак-Суу дарыясындагы шаркыратма – туристтердин сүйүктүү жерлеринен.

«Каракол» лыжа базасы – кышкы эс алуу жаатында барган сайын өнүгүп келе жаткан курорт болуп даңкы далайга кетип, КМШ чөлкөмүнө кеңири таанымал. Ошондуктан, бул лыжа базасы айрыкча, кышкысын Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген тургундардын эле эмес, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген коноктордун чер жаза турган ажайып жайы болуп калды.

Мына ушундай айланасын керемет жайлар курчаган Каракол шаарынын өзүн дагы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Бул аймакты ар кайсы мезгилдерде мекендеген элдердин маданияты менен архитектуралык курулуштарынын ар түрдүүлүгү шаарыбыздын көркүнө көрк кошуп турат.

Парк-корук, андагы Борбор Азиянын саякатчы-изилдөөчүсү Николай Пржевальскийдин сөөгү жаткан мемориалдык комплекс жана ага арналып тургузулган, шаардан 12 км алыстыктагы көл жээгиндеги бийик секиден ыйык көлүбүздүн ажайып панорамасы ачылат.

Архитектуралык курулуштардын ичинен Каракол шаарынын православ дининдеги өкүлдөрү чогулуп турган Ыйык Үчилтик Собору өзгөчөлөнүп турат. Бул имарат - 19-кылымдагы орус православ чиркөөсүнүн классикалык үлгүсү. Дубалдары жыгач, татаал жасалгалары бар жарашыктуу имарат таш пайдубалдын үстүндө бекем салынган.

Анын ичиндеги көптөгөн иконалар, арасындагы белгилүү икона сүрөтчүсү Андрей Рублевдун "Ыйык Үчилтик" иконасы, беш алтын куполу жалпы Соборго эле кооздук бербестен, Каракол шаарынын бай маданиятын арттырып турат.

“Дунган мечити” деп аталган Караколдогу мусулман жамаатынын ибадат кылуучу жайы өзүнүн архитектуралык оригиналдуулугу менен келген меймандарды таң калтырбай койбойт.

Мечит - Цин доорундагы (1644 - 1911) кытай архитектурасынын эң сонун үлгүсү. Ал 1910-жылы буддисттердин храмы стилинде жыгачтан, бир да мык колдонулбастан курулган. Анын чатыры отуз мамыча менен бекемделип, укмуштуудай жыгач оюмдары менен кооздолгон.

Урматтуу мекендештер!

Бул иш-чара менен бир убакта эле Каракол шаарынын 153 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Бүгүнкүдөй өзгөчө күндө – кош майрамда белгилүү орусиялык дирижер Сергей Скрипка жетектеген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Жаштар симфониялык оркестри сиздерге майрамдык маанай тартуулайт.

Бул сахнада кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгынын, операнын, эстраданын мыкты аваздары жаңырат.

Кыргыз Республикасы өзүнүн имиджин жогорулатууга, эл аралык кадыр-баркын, ордун чыңдоого жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө мындан ары да жигердүү катыша берет деп ишендирип кетейин.

Сөзүмдүн соңунда баарыңыздарга чыныгы чыгармачылык эргүү жана көңүлдүү кеч каалайм!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!”.

Пикир

Оставить комментарий