• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Садыр Жапаров Казакстандан кийин Өзбекстан, Кытай жана Түркияга барарын айтты

Президент 0

Бишкек, 01.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президенти Садыр Жапаров Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында "Казинформ" эл аралык маалымат агенттигине маек курду.

Жапаров маек учурунда президент болуп шайлангандан кийин Касым-Жомарт Кемелович биринчилерден болуп Казакстанга чакырганын белгиледи.

"Ошондо мен сөз бергем. Менин Орто Азия мамлекеттеринин ичинен биринчи Казакстанга баратканымдын себеби ошол. Экинчи себеби, биз казак-кыргыз бир тууган элбиз, кошуна элбиз, бизди көп кызыкчылыктар бириктирип турат. Ошентип, мен бир тууган элге бара жатам. Биринчи сапарым Орусия мамлекетине болгонунун себеби – бизде тез аранын ичинде протоколдор жана макулдашууларга кол коюуга даяр болуп калган документтердин болгондугу болду. Эми Кудай буюрса, 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барганы турабыз", - деди президент.

Өлкө башчысы кийинки сапар 11-12-март күндөрү Өзбекстанга болорун, андан соң Кытай жана Түркия мамлекеттерине пландар бар экендигине токтолду.

"Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди өтө жогорку деңгээлге жеткирүүгө болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Биздин саясат ушундай", - дейт мамлекет башчы.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барат.

Пикир

Оставить комментарий