• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров: Казинолорду мыйзам чегинде ачып койсок, көмүскө казинолор жок болот

Президент 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, коомчулуктун курч суроолоруна жооп берди.

Жапаров казинону ачууга уруксат берген мыйзамга жооп берип жатып, 2012-жылы казинолор жабылгандан тартып бүгүнкү күнгө чейин алар көмүскө түрүндө иштеп жатканын белгилеп кетти.

“Ошол эле убакта укук коргоо органдарынын чара көргөндүгүнө карабастан, мүлктөрүн конфискациялап, өздөрүн мыйзам чегинде камап жаткандыгына карабастан, дагы деле көмүскө казинолор иштеп жатат. Демек, бул процессти мамлекет өз көзөмөлүнө алып, көмүскө каржы булактарын мамлекеттин казынасына түшө турган кылып, ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандарыбызды ал казинолордон куткарып алуу милдети турат. Эртең мамлекет казинолорду мыйзам чегинде, ачык эле ачып койсок, көмүскө казинолор дароо жок болот. Албетте, бүгүн көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандардын барчу жери калбайт. Ал эми бүгүнкү кабыл алынган мыйзамдын негизинде кыргыз жарандары казиного киргенге катуу тыюу салынат. Буга биз мамлекет тараптан толук кепилдик бере алабыз”, - дейт президент.

Өлкө башчы казино ээси лицензияны мамлекеттен ири суммадагы акчага сатып аларына токтолду.

“Эгер кыргыз жаранын казиносуна киргизген болсо, анда ал казино ээси лицензиясынан ажырайт. Ошондуктан казино ээси кыргыздын 5-10 миң доллар акчасына кызыгып, өзүнүн миллиондогон долларга сатып алган лицензиясынан ажырап калгысы келбейт. Анан дагы казиного карапайым адамдар кирбейт. Аларга кызыгы да жок. Экинчиден, казиного чет өлкөдөн келген миллионерлер менен миллиардерлер киришет. Казынага миллиарддаган салык түшөт. "Байдыкын байкуш аяйт" болбогула. Ошол каражаттар менен айылдарыбыздын жолдоруна чейин оңдойлу, тышкы карызыбыздан кутулалы. Элибиздин жашоо-шартын оңдоп алалы. Эми казинодон түшкөн акча каражаттары менен калган баардык министрликтердин эмгек акыларын дагы жогорку деңгээлге көтөрөбүз. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын бир айдан экинчи айга үй-бүлөлөрүн бакканга кенен жеткидей деңгээлге чыгарышыбыз керек. Ошондо гана коррупция токтойт”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров ошондой эле быйыл 23 миллиард сом, эмдиги жылы 25 миллиард сом сырткы карызды төлөө керектигин кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий