• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаров: Келечекте паспорт жана сомду өзүбүз басып чыгарабыз

Президент 0


Бишкек, 26.02.23. /Кабар/. Кыргызстан жакынкы келечекте паспорт менен сомду өзү басып чыгара баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алган учурда билдирди.

Президент "Учкун" басмаканасы бардык заманбап жабдыктар менен жабдылгандыгын айтты.

"Мындан ары бир дагы мамлекеттик кагаз жеке компаниялардан чыкпашы керек. Бир гана "Учкундан" басылып чыгат. Биз өзүбүз 100 пайыз жетишебиз. Кудай буюрса, келечекте акчаны, паспортторду да өзүбүз басып чыгаргандай болобуз. Ал эми май айынан баштап паспортторду өзүбүз чыгарганга жетишебиз. Буга чейин паспорттордун бланктарын, техникалык паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жеке компаниялар басып чыгарчу. Бул үчүн мамлекеттен 15 млрд сом бөлүнгөн болсо, кайра ал мамлекетке салык же киреше түрүндө келген эмес. Эми мамлекеттин каражатына "Учкундан" гана басып чыгарабыз, биздин эсеп менен алганда мамлекетке 3 млрд сомдон кем эмес салык түрүндө түшүп турат", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий