• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров Кеминде мульти-диагностикалык мобилдүү клиниканын ачылышына катышты

Президент 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдүү клиниканын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы жүк ташуучу унааларга орнотулуп, 8 бөлүктөн (трейлерлерден) турган мобилдик клиниканы карап чыкты. Алар медицина кызматкерлеринин жашоо шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган. Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган. Ошондой эле, мобилдик клиниканын базасында компьютердик тамограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат өңдүү заманбап медициналык жабдуулары менен бөлүм бар. Мындан сырткары биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лаборатордук жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар. Клиника дарыгерлери Кемин районунан баштап, алдыдагы 5 жылда өлкөнүн бардык аймактарына барып, жергиликтүү тургундарды кароо, дартты аныктоо жана дарылоо боюнча кызматтарын акысыз көрсөтүшөт.

Мобилдүү медициналык клиникаларды даярдоо жана алып келүү боюнча долбоорду ишке ашырган Ислам өнүктүрүү фонду менен «Фаель Хаир» кайрымдуулук фонду ошондой эле, логистика чыгымдарын, күйүүчү май, окутуу, медициналык жана техникалык персоналдын тамак ашы менен эмгек акысын, дарыларды жана башкаларды каржылап берет.

Иш-чарага жергиликтүү тургундар, дарыгерлер, ардагерлер жана Кемин районунун мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышып, Президент аларды бүгүнкү кубанычтуу окуя менен куттуктады.

Садыр Жапаров белгилегендей, мамлекет биринчи кезекте өлкөнүн жарандарынын саламаттыгын сактоого кам көрүшү керек.

Ал мобилдик клиниканын ишинин баштоосу азыркы бийликтин ишинин оң натыйжаларынын бири болорун белгилеп, ошондой эле өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Президент энергетика жана суунун тартыштыгы маселесине токтолуп, аталган тармактагы көйгөй кечээ эле пайда болбой, акыркы 30 жылдан бери топтолгонун белгиледи. Садыр Жапаровдун айтымында, энерготармактагы кыйынчылыктарга карабастан ал энерго колдонууну чектебөө жана электроэнергиясына тарифтерди жогорулатпоо тапшырмасын берген. Ал тарифтерди келечекте калктын пенсия, жөлөк пул жана эмгек акысын жогорулаткан соң гана көтөрүү зарылдыгын, антпесе энергетиканы өнүктүрүү мүмкүн эместигин белгиледи. Мамлекет башчысы кошумчалагандай, өлкөдө бир нече ГЭСтин курулуш башталды жана 2025-жылга энергетикалык каатчылык жоюлат.

Ал ошондой эле алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоолор темасына токтолду. Садыр Жапаров мурунку шайлоолордон айырмаланып, учурда катышып жаткан партия жана депутатыкка талапкерлерге эч кандай тоскоолдуктар жок экенин белгиледи. Президент эске салгандай, буга чейин оппозицияга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө тоскоолдуктар болуп, жыйын өтчү жайларда электр жарыгын өчүрүп, ал турсун шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүгө көчөдөн да орун берилбей келген. «Биз демократиялык мамлекетбиз. Азыр бардыгы каалаган талапкерин, каалаган партиясын тандоого эркиндиги бар элден көз каранды», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент.

Аны менен бирге, Мамлекет башчысы Кемин районунун тургундарынын пенсияларды жогорулатуу, азык-түлүктөрдүн сапатына тийиштүү көзөмөл орнотуу, салык органдарынын чакан ишкерликке басым жасоосу, спорттук комплексти куруу жана башка маселелерге байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий