• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда

Президент 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет башчыларынын Санкт-Петербург шаарында Б. Ельцин атындагы Президенттик китепканада өтуп жаткан салттуу бейформал жолугушуусуна катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматф билдирет.

Иш-чара башталардын алдында Шериктештик лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү.

Бейформал саммитке Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынынпрезиденти Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.

Пикир

Оставить комментарий