• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров КМШ МБК жыйынына катышуу үчүн Астананын Конгресс борборуна келди

Президент 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Конгресс-борборго келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага катышуу үчүн келген КМШ мамлекеттеринин башчыларын Конгресс борбордо Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы жолугушуу залына өтүштү.

Иш-чаранын алкагында Шериктештиктин ичинде өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча бир катар документтер каралып, кабыл алынат.

Жыйында 2023-жылы КМШга төрагалык кылууну Кыргызстанга өткөрүп берүү жана мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумун Бишкек шаарында өткөрүү боюнча чечим кабыл алынышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий