• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров КМШ ПААнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган ЖК делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Алмата шаарында уюштурулган маарекелик отурумга катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билирет.

Алгач отурумду Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ачып, андан соң ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилерине сөз берилди.

Өз кезегинде төрага Талант Мамытов КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди.

Анда "Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өзүнүн калыптануу жана өнүгүү мезгилинде чөлкөмдөгү бирдиктүү экономикалык, социалдык жана маданий-гуманитардык мейкиндикти түзүүгө, жаңы суверендүү мамлекеттердин чыңдалышына чоң салым кошту. Айрыкча, мында Парламенттер аралык ассамблеянын ролу жогору", - деп белгиленген.

Ошондой эле өз кайрылуусунда президент КМШ ПААнын биринчи пленардык жыйыны 1992-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарында өтүп, анын жүрүшүндө ассамблеянын регламенти кабыл алынганын эске салган.

"Шайлоо процесстерине КМШ ПААнын байкоо жүргүзүүсү демократиялык өнүгүүдөгү маанилүү элементтердин бири болуп калды. Кыргыз Республикасы КМШ ПААнын алкагында жигердүү ишин улантуу менен Жогорку Кеңеш “Шериктештиктин балдары” долбоорун демилгелеп, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты негиздеген. Андыктан, ассамблеянын ишмердүүлүгү мындан ары да КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык, социалдык жана саясий өз ара аракеттенүүнү укуктук жактан камсыздоого багыттала берээрине терең ишенем",- деп айтылат Президенттин куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, 1992-жылдын 27-мартында Алмата шаарында Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан парламент жетекчилери КМШ Парламенттер аралык ассамблеясын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Кийинчерээк ассамблеяга Азербайжан менен Молдова кошулган.

Пикир

Оставить комментарий