• 84.79
  • 96
  • 1.14

Садыр Жапаров: КМШ регионалдык стабилдүүлүктүн салмактуу фактору катары чыгуу үчүн калыптанган

Президент 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. "Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги болуп жаткан процесстерге позитивдүү таасир этүү жана регионалдык стабилдүүлүктүн салмактуу фактору катары чыгуу үчүн калыптанган", - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, видеоконференция режиминде өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өтүп жатат.

Төмөндө президент Садыр Жапаровдун сөзү:

“Урматтуу Александр Григорьевич,

Урматтуу мамлекет башчылары жана жыйындын катышуучулары,

Бүгүнкү жолугушуунун бардык делегация башчыларына саламымды жолдойм жана Белорус тарапка, Беларусь Республикасынын президенти, урматтуу Александр Григорьевич Лукашенконун жеке өзүнө, ошондой эле аткаруу комитетинин төрагасы – КМШнын аткаруучу катчысы урматтуу Сергей Николаевич Лебедевге жана анын командасына КМШнын мааракелик саммитинин жогорку техникалык деңгээлде жана мазмундуу уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Баардыгыңыздарды Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер.

Биздин уюм бул жылдар ичинде чоң жолду басып өткөнүн канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Шериктештиктин өз убагында түзүлүшү көз карандысыз мамлекеттердин ортосундагы байланыштардын принциптерин аныктап, бир топ биргелешкен долбоорлорду жылдыруу үчүн шарттарды түздү.

30 жыл ичинде биздин уюм жалпы экономикалык, маданий-гуманитардык жана маалыматтык мейкиндигибизди сактап калууга жана өнүктүрүүгө жардам берди. Бул жаңы суверендүү мамлекеттердин түзүлүшүнө жана бекемделишине олуттуу колдоо болду.

Бүгүнкү күндө Шериктештик соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана коопсуздукту камсыздоо, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү маселелеринде жалпы ыкмаларды иштеп чыгуу максатында маанилүү диалог аянтчасы катары кызмат кылууну улантууда.

Кыргыз Республикасы орток умтулууну толугу менен колдойт жана бүгүн кабыл алына турган КМШнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата билдирүүдө белгиленген шериктештикти мындан ары чыңдоого, эл аралык аренадагы ордун бекемдөөгө жана динамикалык өнүгүүнү камсыз кылууга карай багыт алат.

Урматтуу достор,

Кыргызстан Шериктештиктин негизги документтеринде көрсөтүлгөн бардык эл аралык милдеттенмелерге, өзгөчө КМШ мейкиндигиндеги аймактык көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүгө жана интеграциялык процесстерди бекемдөөгө бекем турарын тастыктайт.

Азыркы чакырыктарга жана коопсуздук коркунучтарына каршы туруу үчүн Шериктештиктин тышкы чек араларын коргоо боюнча жигердүү кызматташууну улантуу зарылдыгына көңүлүңүздөрдү бургум келет.

Ошол эле учурда өз ара ишенимдин жана ынак коңшулук духунда өлкөлөрүбүздүн мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин эртерээк бүтүрүү биз үчүн маанилүү милдет болуп саналат.

1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндө келишим жана 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясы, ошондой эле 1994 -жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо боюнча Москва декларациясы сыяктуу документтерде коюлган максаттар жана принциптер бүгүнкү күндө мурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп эсептелет.

Биз регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн болгон келишпестиктерди тынчтык жолу, саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечүүнү жактайбыз.

Бүгүнкү күндө биз ошондой эле чек ара аймактарында өз ара ишеним чараларын күчөтүү боюнча ар тараптуу, сапаттуу иштерди биргелешип жүргүзүшүбүз кажет.

Ошол эле учурда биз Шериктештиктин алкагында мындан да динамикалуу жана натыйжалуу кызматташууга кызыкдарбыз. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн аракеттерибиздин натыйжалуулугун арттырышбыз керек.

Мында натыйжалуулуктун критерийи эң жөнөкөй - кызматташуубуз чыныгы пайдаларды жана натыйжаларды алып келиши керек.

Так ушул багытта биз аракет кылышыбыз керек.

Кыргыз Республикасы Шериктештик өлкөлөрүнүн ортосунда алакаларды кеңейтүүгө чоң маани берет жана мындан ары өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана КМШ алкагында интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө өзүнүн болгон салымын кошот.

Урматтуу кесиптештер,

Дүйнөдөгү жагдай тездик менен алмашууда. Бүгүнкү күндүн реалдуулугу пайда болуп жаткан чакырык жана коркунучтарга өз убагында реакция кылуу үчүн күч-аракеттерди консолидациялоо зарылдыгын талап кылууда.

Эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана чек ара аралык кылмыштуулук өңдүү дестабилдештирүүчү факторлордун болушу, ошондой эле социалдык-экономикалык жана азык-түлүк кризисинин мындан аркы курчушу Афганистанда гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн.

Бул өз кезегинде аталган өлкөдө граждандык согушка алып келиши мүмкүн, анда ал Борбор Азиянын жана Жакынкы Чыгыш региондорунда абалды чыңалтып, дестабилизациялашы ыктымал.

Буга байланыштуу, учурдан пайдаланып, эл аралык коомчулукка кайрылып, көрсөтүлгөн чакырык жана коркунучтарды нейтралдаштыруу боюнча биргелешкен иштиктүү чараларды кабыл алууга, ошондой эле көп улуттуу афган элине ар тараптуу жана азык-түлүк боюнча колдоо көрсөтүүгө чакырам.

Ушул жылдын сентябрь жана октябрында Кыргызстан Афганистандын элине гуманитардык жардам көрсөттү.

КМШ болуп жаткан процесстерге позитивдүү таасир этүү жана регионалдык стабилдүүлүктүн салмактуу фактору катары чыгуу үчүн калыптанганына көңүлүңүздөрдү бургум келет.

Буга байланыштуу кыргыз тарап КМШ эгида алдында Афганистан элине гуманитардык жардам жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштайт.

Мындай акция КМШнын эл аралык аренадагы аброюн бекемдөөгө жана албетте, бул өлкөдөгү стабилдүүлүктүн калыбына келишине салым кошоруна ишенем.

Бул демилге колдоо тапкан учурда КМШнын аткаруу комитетине тийиштүү ишти уюштурууну тапшырууну сунуштайм.

Мындан сырткары, трансулуттук коркунучтар менен күрөшүүдөгү азыркы тенденция жана приоритеттерди эске алып, тактап айтканда, терроризмди каржылоо тобокелдиктери, Кыргыз Республикасы кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдаштыруунун тобокелдиктерин минималдаштыруу, терроризмди каржылоо жана массалык жок кылуу куралын жайылтуу маселелерине өзгөчө маани берет.

Андыктан биз аталган коркунучтарга каршы туруу тармагында КМШнын катышуучу мамлекеттеринин тийиштүү макулдашуусунун долбооруна кол коюуну колдойбуз.

Урматтуу кесиптештер,

Отуз жыл бою туруктуу өнүгүүнүн жана климаттын өзгөрүүсүнүн таасиринин көйгөйлөрүн чечүү максатында Кыргызстан эл аралык аренада деңизге чыга албаган тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын активдүү жылдыруучусу болуп келүүдө.

Сиздерге белгилүү болгондой, биздин демилге боюнча БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык, 2002-жылы “Тоолордун эл аралык жылы” деп таанылган.

Ошол эле жылы Бишкекте биринчи тоолордун глобалдык саммити, ал эми 2018-жылы төртүнчү жалпы дүйнөлүк тоолор форуму болуп өткөн.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында Кыргызстан 2022-2027-жж. “Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди” бекитүү жана 2027-жылы «Бишкек + 25» глобалдык саммитин чакырууну демилгелеген.

Ошондой эле Кыргызстан тарабынан тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө ЮНЕСКОнун резолюциясынын долбоору демилгеленип, ал 2021-жылдын ноябрында ЮНЕСКОнун башкы конференциясында каралаары пландалууда.

Биз сунушталган демилгелер Шериктештик боюнча өнөктөштөр тарабынан колдоого алынат деп ишенебиз.

Кийинки жылы регион боюнча урматтуу кошуналарыбыз менен биргеликте маанилүү дата – БУУга кошулганыбыздын 30 жылдыгын белгилөөнү пландап жатабыз.

Буга байланыштуу, мен БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында 2022-жылы Кыргызстанда “Борбордук Азия - БУУ” саммитин эки тараптуу кызматташтыктын жыйынтыктарын чыгаруу жана Борбор Азиядагы ар тараптуу өнүгүү менен коопсуздукту орнотуу максатында келечектин биргелешкен пландарын белгилөө үчүн өткөрүүнү сунуштадым.

Урматтуу кесиптештер,

Кыргыз Республикасы салтка айлангандай маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүнү жактайт.

Биз 2011-жылдан бери өзүнүн талапка ылайыктыгын далилдеген “Шериктештиктин маданий борборлору” мамлекеттер аралык программасын толугу менен колдойбуз.

Быйыл мааракелүү жылда “Шериктештиктин маданий борбору” макамын Душанбе шаары өткөрүп алды. Ал кийинки жылы бул ардактуу эстафетаны биздин берметибиз – Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Каракол шаарына берет.

Учурда 2023-жылы Шериктештиктин маданий борбору макамын Молдова Республикасынын Комрат шаарына берүү маселесинде КМШ боюнча өнөктөштөрдү колдоп жатабыз.

Биз ошондой эле Шериктештик алкагында аткарылган иштерге кошумча саясий ыргак берүүгө максатталган башка билдирүүлөр боюнча чечимдерге кол коюуга даярбыз.

Анын ичинде биздин жарандардын шайлоо укуктарын коргоо жана КМШ аймагындагы электоралдык процедураларга коомчулуктун ишенимин бекемдөө боюнча чечим.

Жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнүн маанилүү принциптеринен болуп саналат.

Буга байланыштуу Кыргызстан Шериктештиктин биздин өлкөлөрдөгү шайлоо процесстерине мониторинг жүргүзүү боюнча ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берет.

Учурдан пайдаланып, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда өлкө парламентинин депутаттарын шайлоо белгиленгенин маалымдайм.

Салтка айлангандай КМШ байкоочуларынын миссиясы жана башка уюмдардын байкоочулары биздин өлкөбүздөгү парламенттик шайлоолорго мониторинг жасоого активдүү катышат деген ишеничтемин.

Урматтуу достор,

Казакстан Республикасынын президенти, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин дарегине Шериктештикте төрагалыкты кабыл алганына байланыштуу айтылган куттуктоолорго кошулам.

Боордош Казакстанга бул жооптуу миссияны аркалоодо албан ийгиликтерди каалайм.

Өз тарабыбыздан, теңтөрага катары биз ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярбыз.

Сөзүмдүн соңунда Кыргыз Республикасы мындан ары да Шериктештиктин эл аралык аренадагы ролун бекемдөөгө жана аброюн көтөрүүгө, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө активдүү катышарына ишендирип кетким келет.

КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин бүгүнкү мааракелүү отуруму мындан аркы өз ара түшүнүшүү, достук жана ишеним маанайындагы конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө жакшы негиз болуп берет деп ишенем.

Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!”

Пикир

Оставить комментарий