• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров: Коркуу сезиминен эбак өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилгем...

Президент 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук иши, тарапташтарынын кайрылуусу, алдамчылыкка айыпталып абакта жаткан Мелис Аспеков жарыялаткан чуулуу маалыматтар талкуунун чордонунда. Бул иштердин баарында президент Садыр Жапаровдун ысымы байма-бай аталууда.

Талаш-талкууга жем таштаган маселелерден улам Би-Би-Си президенттин дарегине жазуу жүзүндө суроолорун жолдоп, жооп алган.

Маектин толук версиясын өзгөрүүсүз беребиз:

Би-Би-Си: Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү майып балдарга берилип жатат, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карыялар үйү болгону турат. Эмнеге мындай чечим кабыл алынды?

Садыр Жапаров: Өлкө боюнча карылар үйү дагы, майыптар үйү дагы жетишсиз. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү эмне үчүн карыларга берилгенинин себеби, карыларыбыз калган өмүрүн ошол жерде таза абада, таза суу ичип өткөрүшсүн деген ниет болду. Ата-энени, карыяларды сыйлабаган калк эч качан жакшылык көрбөйт. Ошол үчүн дайыма карыларыбызды сыйлай жүрөлү.

Би-Би-Си: Атамбаевдин тарапкерлери Арашанда митинг кылып, курч мүнөздөгү талаптарды койду. Өлкөдө чындап эле революциялык кырдаал түзүлдүбү?

Садыр Жапаров: Атамбаевдин тарапташтары мага доомат арткыдай, анын үйүн мен конфискация кылган жокмун. Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр - мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коелу деп курулуш иштерин баштап жатабыз. Ал эми коркутуу аралаш кайрылуу жасаган Атамбаевдин тарапташтарына төмөнкүчө жооп берет элем. Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок. Ошондуктан жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот. Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип атышат. Ким уурдап атса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып атышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет.

Би-Би-Си: Сөз болгон Атамбаевдин тарапташтарынан сырткары деле байма-бай талаптарды айтып, убадалары орундалган жок дегендер бар. Талап, жүйөлөр канчалык орундуу деп ойлойсуз?

Садыр Жапаров: Биринчиден, сөз эркиндигине эркиндик беришибиз керек. Экинчиден, мен өлкө башчысы болгондон кийин баарын бирдей көрүшүм керек. Үй-бүлөдө деле он балаң болсо бир экөө начар чыгат. Анан аларды кодулап, бөлүп таштай албайсың да. Баарын бирдей жакшы көрөсүң. Мага сын айтып аткандарды, тилдеп аткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек. Жүз пайыз элдин баарына жакпайсың. Жасалып жаткан иштерди бири туура түшүнөт, бири тескери түшүнөт. Бири көрүп айтат, бири көрбөй айтат. Жакшы иштерди көрүп турса дагы көргүсү келбеген адамдар бар. 10-20 пайыз адамдарга жакпайсың. Ал эми мени колдоп такка олтургузган 80 пайыз шайлоочуларыма айтаарым, эч кам санабагыла. Мен баш көтөрбөй жакшы иштерди жасай берем. “Жөжөнү күздө санайбыз”. “Жөжө санаар” мезгил келгенде эч качан силерди жер каратпаймын.

Би-Би-Си: Коомчулук тараптан "айлана-чөйрөңүздү тазалаңыз, жаштарды кызматка алып келиңиз" деген сыяктуу сунуштар айтылып жатат. "Тазалаңыз" дегенде кимдер жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлойсуз?

Садыр Жапаров: Мен “мейли кимдин убагында иштебесин, мурда кандай кемчиликтери болбосун, ага көз жумабыз, эң негизгиси мындан ары мамлекет үчүн, эл үчүн иштеп берсе болду” деп башынан эле айтып келе жатпаймынбы. Анткени бизде кадрдык таңкыстык бар. Ошол үчүн Акаевден баштап Жээнбековго чейин иштеген бирин-экин күчтүү кадрлар бар. Менимче ошолорду айтып жатса керек. Биз ар бир министрдин, губернатор менен акимдердин жана Администрацияда иштеген кызматкерлердин кандай иштеп жатканын байкап турабыз. Потенциалы бар кадрларды кетирбей кармап жүрөбүз. Аларды кетирип, ордуна тилинен чаң чыккан жаштарды дагы коюп көрбөдүкпү. Тилекке каршы, тилинен чаң чыккан менен өкмөттүк ишти тартып кете алышпайт экен. Жаштар десек, өкмөттүн курамында 50 пайыздан ашыгы жаштар. Бийликте жалаң эски кадрлар, жашы улгайгандар дегенди мен деле угуп калып атам. Эми так фактылар менен карап көрөлү. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын. Күчкө, тажырыйбага толуп, иштей турган мезгили. Орун басарлары деле жаш эле. Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов. Юстиция министри Аяз Баетов 37 жашта, Маданият министри Азамат Жаманкулов 35 жашта, Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов 36да, Экономика жана коммерция министри Данияр Иманалиев 39 жашта, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 32де. Президенттик Администрациянын жооптуу бөлүм жетекчилери дагы жаш балдар-кыздар. Кырдаалдык борбордун жетекчиси Азамат Жанузаков 35 жашта, башкармалык башчысынын орун басары Мирбек Кожоев 39 жашта. Президенттин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүм башчысы Азамат Осмонов 36да. Жаш менен бирге тажрыйба дегенди да унутпайлы. Андыктан, бул маселеде учурда кандайдыр бир көйгөйлөр бар дегенден алысмын. Албетте бир аз кемчиликтер бар. Жипке тизгендей дегенден алысмын. Бирок көч бара-бара түзөлөт. Түздөйбүз.

Би-Би-Си: Далай капсула салынганы менен жыйынтык жок деген сын, видео тасмаларды өзүңүз деле көрүп жатсаңыз керек?

Садыр Жапаров: Капсула салсак, ал курулуштарды аягына чыгарып жатабыз. Орто жолдо калып кетпейт. Президенттик ишмердүүлүгүмдө аймактарга болгон иш сапарымды былтыр Чүйдүн Мыкан айылынан баштап, ал жакта мектептин курулушуна символикалуу түрдө алгачкы кышты коюп бергем. Быйыл апрелде ачылышына катыштык. Былтыр Баткен облусунун Маргун айылында аскердик бөлүк баштаганбыз. Быйыл курулушу аяктап калды. Апрелдин аягында Бишкектин четиндеги “Рухий мурас” конушунда мектептин курулушуна капсула салдык. Бул Бишкекте салынып жаткан он беш мектептин бирөөсү. Буюрса, күзүндө он беш мектеп тең бүткөрүлүп, окуучуларды кабыл алат. Чолпон-Атадагы “Алтын-Балалыкты” 8 ай мурда баштаганбыз. 1-июнь күнү ачтык. Республикалык машстабдагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна старт берилди. Бул ири долбооордун алгачкы агрегаты алдыдагы 3-4 жылда ишке кирет деп жатабыз. Сабырдуу болуп туруңуздар. Мен деле аркамдан “капсуласын салган боюнча калып кетти” деген сөздөрдүн ээрчишин каалабайм. Капсула салган имараттар четинен ачыла баштады. Бардыгы көзөмөлдө.

Би-Би-Си: "Манас айылын" реконструкциялоо боюнча долбоорго сынак жарыялоонун зарылдыгы бар беле? Мурунку жетекчиси ага убагында сынак болгонун билдирди. "Манас айылынын" аянты кыскарып кеткенин дагы соцтармакта жазган эле

Садыр Жапаров: Мурдагы долбоору менен курулушту баштайлы деп жатсак, манасчылар “көп болсо бир ай убакыт кетет, балким мындан да жакшы долбоор сунуштагандар болуп калабы” дешип кайра дагы бир жолу сынак жарыялайлы деген сунушун беришиптир. Макул дедик. Аянты болсо кыскарбастан, тескерисинче, жанынан 8 гектар жер кошулуп кеңейтилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий